Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Акылбек Жапаров: “Баа дагы өсөт, андыктан маянаны көбөйтөбүз”

Акылбек Жапаров: “Баа дагы өсөт, андыктан маянаны көбөйтөбүз”

16-февраль, 11:57
758 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

“Кыргызстанда баалар дагы да өсөт, андыктан биз пенсия, жөлөк пул жана маянаны кескин жогорулатабыз”. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров маалымат жыйында билдирди.

“Кечээ АКШда инфляциянын деңгээли 7,8 пайызга жеткенин окудум. Болбосо алар 2 пайыз болорун күтүп жатышкан. Андыктан бизде дагы инфляция болот, баанын өсүшү дүйнө боюнча токтобойт. Кыргызстан жашоого керектүү товарлардын 67 пайызын импорттойт. Демек, инфляция дагы импорттолот. Бул жерде биз эч нерсе кыла албайбыз. Андыктан элдин байгерчилигин жогорулатышыбыз керек. Биз паровоздун алдында чуркоого аргасызбыз. Өзүбүз инфляция жаратпагандай болуп, мүмкүн болбогон нерселердин да ыңгайын таап, экономикалык өсүштөрдү жасоого аракет кылабыз” деди Жапаров.

Анын айтымында, 1-апрелден тарта мамлекеттик, муниципалдык кызматкерлердин, биринчи кезекте дарыгер, мугалим, маданият ишмерлеринин айлыгы көбөйтүлөт.
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер