Жер тамырынан эл тамыры көп... Чалаказакпы же чалакыргызбы?


Эзелтен бир боор эл болуп, “тескейде малы, төшөктө башы кошулган” журт аталып, кылымдарды карыткан казак-кыргыз тууралуу нечен аңыз кептер айтылат. Ушу эки улуттун адамдары жанаша турганда кимиси казак кимиси кыргыз экенин айырмалап болбойт. Белгилүү казак акыны Абдилда Тажибаевдин минтип жазганы буга күбө:
Башыма кийдим ак калпак
Оюулап четин кыйгызган.
Менин да бетим жапжалпак
Айырмам кайсы кыргыздан?!
Бул айныгыс чындык. Эч бир тилмечсиз бирин бири түшүнгөнү да буга далил. Эки элдин акындары ырларын которушканда “которгон” деп жазган, “кыргызчалаткан, казакчалаткан” деп жазганында да чоң жүйө бар.
Кыргыз жергесинде бир-эки аймак “чалаказак” деп аталып келет. Бишкектин күн батышындагы илгерки айыл. Экинчиси – Москва районундагы Чапаев айыл кеңешинин аймагы. Бир кезде “Красный пахарь” колхозу, андан кийин “Путь Ленина” колхозу делип, жүрө-жүрө сууга кемчил болгонунан уламбы, Маловодное аталып кетти. Топономика – жер-суу аттарына байланышкан илим. Анын кулакка жакшы, жагымдуу угулушунан да тарых-таржымалын түшүндүрүп турганы кымбат. Эл оозундагы ошол Чалаказак айылы менин да жүрөгүмө жакын. Анткени, Балжаркын деген таянем дал ошол уруунун кызы, демек, ал көздөй таякелеримдин айылы.
“Чалаказак” атка конгон кыштак элинин баяны өзүнчө тарых, аны кыргыз улутунун килем жибиндей чиеленишкен өмүр таржымалынын бир учугу катары санагым келет. Таянем мындан 46 жыл илгери 85 жашында дүйнө салды. Ал кишинин эскерүүсү боюнча 7-8 жашында 40-50дөй түтүн эл тууган-уругу менен казактын Ак-Төбө жергесинен Чүйгө көчүп келишет. Демек, бул көчкө 130 жыл болуптур. Бул тууралуу баянды ошол чалаказактардын бүгүнкү бир чүрпөсү, белгилүү экономист, республиканын эсептөө палатасынын отличниги Замирбек Жалгашбай уулунун “Ак-киши бабабыздын изи менен” деген китебинен окууга болот. Казак жергесине аласапыран жылдарда жер ооп барган кыргыз журтунун өкүлдөрү, алардын жашоо тиричилиги, азап-тозоктору, кийинки – соңку тагдырлары тууралуу кыргыз телевидениесинин “Санжыра” көрсөтүүсүндө тарыхчы журналист Тынчтык Карымшаковдун баяндарында да айтылат. Асыресе, таланттуу жазуучу, изилдөөчү Кушубек Качыбековдун көп жылдык тажрыйбасы эл көңүлүнө өзгөчө төп. “Санжыра” көрсөтүүсү, менимче, Замирбек Жалгашбай уулунун “Ак-киши баяны” боюнча да кененирээк сөз улантса болчудай. Себеби, убакыт деген желдей күлүк нерсе экен. Өткөн тарыхый жолду аздыр-көптүр билгендердин көздөрү өтүп кетип, соңку муундардын тарыхтан кабары бөксөрүп баратат. Москва районунун Маловодное (“Красный пахарь”) кыштагындагы чалаказак аталган кыргыз тукумунун этнографиялык бир кызык салты – жаңы келген келиндин бетин ачуу жөрөлгөсү. Ал элдин адабий-музыкалык көркөм чыгармачылыгынын кийинчерээк унутула башталган эң сонун жышаанын эске салат.
Ошентип, Замирбек Жалгашбай уулунун бул китебиндеги эзелкилер баяны эл көңүлүн бурууга толук арзый турган кызыктуу баян. Кантсе да “чалаказак” деген түшүнүк эзелтен жашап, тили, дили тектеш эки калктын өзгөчөлүү тагдырынын бир көрүнүшү. Бир караганда чалаказак менен чалакыргыздын анча айырмасы жоктой. Бирок, негедир бирөөнү “чалакыргыз” деп айтсак, ал анын тилин гана эмес, улуттук насил-касиетине да тийешелүүдөй сезилет...











