Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Марлен Маматалиев, ЖК депутаты: “Унду башка өлкөлөрдөн сатып алганыбыз – чоң минустардын бири”

Марлен Маматалиев, ЖК депутаты: “Унду башка өлкөлөрдөн сатып алганыбыз – чоң минустардын бири”

25-сентябрь, 19:30
2 396 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Марлен мырза, нандын кымбатташы боюнча эмне айта аласыз?

-- Бул эң чоң маселелердин бири. Нандын кымбатташы элге түздөн-түз чоң социалдык көйгөй болуп эсептелет. Ошондуктан, биз кайсы иш-чараларды кабыл алышыбыз керек? Пошлина болсо, жокко чыгаралы. Менин билишимче, материалдык резервде ундар бар. Азыр аны рынокко чыгарып, дефицитти жоюу зарыл. Ошондо ундун баасы кайра өзүнө келиш керек. Бул түздөн-түз өкмөттүн жумушу.

-- Кудайга шүгүр, жерибиз аябай берекелүү. Башкасын билбейм, бирок нан, ун менен өзүбүздү камсыз кылсак болобу?

-- Камсыз кылса болот. Болгону, биздин буудайдын курамында клейковинасы азыраак болот. Үрөн маселесин чечип, жер кыртышын даярдап, алдын ала бир-эки жыл башка өсүмдүктөрдү эгиш керек. Мунун баары айыл чарба министрлигинин иши. Тилекке каршы, унду башка өлкөлөрдөн сатып алганыбыз – чоң минустардын бири болуп эсептелет. 

"Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер