Анын кебетеси курч чалгы менен шылый чабылган бедени элестетти...


(Эсенали акенин аңгемелеринен)
Эсенали Саидов агабыз Ноокат районунда “Жал” деген совхозду уюштуруп, аны ондогон жыл башкарып, кийин Кулатов атындагы совхоз болуп республикалык “Ардак тактадан” түшпөй турду. Мен дайыма айылга барганда ал кишиге үзбөй жолугуп турчумун. Көп сөздөрүн уктум, иштөө методуна көз салчумун. Ошолорду азыр бир четтен эске түшкөнүн кагазга түшүрүп коёюн деп чечтим. Анда эмесе ошолордун бирине кулак төшөңүздөр.
Эсенали аке бул окуя кайсы жерде болгонун, ар бир адамды аты-жөнү менен айткан эле. Мен этикалык жагдайдан улам адамдардын жана айыл атын өзгөртүп койдум.
Өткөн кылымдын алтымышынчы жылдары согуштун залакалары кетип, адамдардын курсагы оокатка тоюп, мектептерге жогорку окуу жайларды бүткөн жигит-кыздар келе баштаган. Элдин турмуш-тиричилиги бир топ оңолуп калган. Тиги Боз-Адыр деген чоң айылга да үч кабат мектеп, чоң чайхана, китепкана, клуб курулуп, пайдаланууга берилет. Ал жердеги чайхана тогуз жолдун тоому болгондуктан дайыма адам көп. Ошол жерден бүт жаңылык ошол чоң айылга тарайт. Мектептин мугалимдери да түштөнүүгө ушул жерге башбагышат.
Ал жерде төр жакта ушул айылдын аксакалдары да жума күнү жумадан кийин же жөн эле жумасына 2-3 жолу чогулуп, өткөн-кеткенден сөз кылып, чай ичип, бака-шака болуп отурушар эле. Алардан төмөнүрөөк жерде кээде он чакты мугалимдерин ээрчитип мектеп директору да отуруп калчу. Аксакалдар менен мугалимдер ортосунда кээде жалпы темада да сөз учугу уланчу. Ал эми кээде жумшак азил-тамаша да айтылып кетчү.
Мына ушундай күндөрдүн биринде мектеп директору айыл аксакалдар ортосунда отурган Додон акеге карап, “Додон ава, бу сиз согушка барбай калып, колхоздо башкарма болуп, бу дөөпарада сиз көрбөгөн аял калган эмес” деген сөздү көп угабыз, ошондон айтып берсеңиз?” деп калат. Жанагы бака-шака бир көз ирмемге тынч боло түшөт. Додон ава кичине өңү кумсара түшүп, бирок калыбынан жазбай, “аа майли, майли, эми бир убак болсо айтсам айтып берермин” деп астындагы пиаладан чай ууртап калат. Жанындагы аксакалдар шак эле сөздүн темасын башкага буруп кетет. Директор болбой эле “Додон ава, күтөбүз” деп өзүнүн мугалимдерине буйрук бере сүйлөгөндөй тон менен сөзүн бүтүрөт.
Ошондон кийин дагы канча өттү эч ким билбейт. Дагы бир ошондой чогулуп калганда директор баягы сөзүн кайра баштап калат. Мында да Додон ава тескери карап укпаган адамдай болуп кутулуп кетет.
Дагы бир топ мезгил өтүп, кандайдыр бир кызык кино келиппи, же кайсы бир майрам болуппу, чайханада күндөгүгө караганда адам көп. Директор да күндөгүгө караганда көбүрөөк мугалимдери менен өз ордуларында отурушкан. Директор баягы сөзүн кайра баштап калат. Анүстүнө отургандардын баардыгынын көңүлүн бурдуруп, Левитандай болуп, “жолдоштор Додон аванын приключениелеринен угасыңар. Додон ава согуш жылдары тылдагы “эрдиктериңизден” айтып берсеңиз” деп мурдакы айткандарын бир сыйра кайра айтып чыгат. Додон ава эми кумсарбастан өңү кызарып чыкты. Отурган аксакалдардын бири “ай директор балам, өзүң жогору маалыматтуу культурный адам болуп туруп, каяктагы бир катын ушакты эле кайталай бересиңби, болду да” деп кейип калды.
Додон ава акырын колун көтөрүп сүйлөй турган болуп калды. Эл заматта тыптынч боло түштү. “Эми балам мындай, көп жылдан бери айтпай жүрдүм эле эми айтайын. Бул өтө узун сөз. Азыр эми күн кечтеп калды. Анүстүнө бул сөздөр тарыхта калсын үчүн, директор балам, калам-даптарыңды даярдай келсең, жазасың. Үнүн директордукундай кылып, “угуп жатасыңарбы, бул өтө маанилүү кабар болот, - деп кичине ойлоно түшүп, -- эртең мындай, бүрсүгүнү базар, дүйшөмбү жумушум бар, келерки жуманын экинчи күнү ушу түштөнүү маалында айтам” деп үнүн дагы катуурак чыгарып, -- тээ артта, четте тургандар, уктуңарбы, келерки жуманын экинчи күнү түштөнүү мезгилинде ушул жерге чогулгула! Сөз бүттү! - деди да, бата кылып тура жөнөдү. Мугалимдердин жанынан өтүп баратып, “калам-даптарды унутпа” деп директор жакка ишаарат кылып шарт чыгып кетти.
Боз-Адыр экинчи күнгө чейин дуулдап эле жатып калды. “Додон аксакал согуш жылдарында тылда өз башынан өткөн, аялдар менен болгон кызыктарды айтат экен” деген кабар дүңгүрөп, ал гана эмес бузулган телефон болуп ар түрдүү варианттарда жаңырып турду.
Белгиленген күн да келди. Додон аксакал түшкө жакын эле өзү менен тең эки-үч чалдары менен келип, өз орундарына отуруп, күндөгүдөй эле узун сөздөн кеп салып отурушту. Сыртта болуп жаткан ызы-чууга, кеп-сөздөргө маани деле беришкен жок. Ал эми бул кезде сыртта кандайдыр бир шаардан чоң концерт келгендей, эшекчени эшек менен, аттуусу ат менен, калганы жөө-жалаңдап чайхананы көздөй агылып жатты. Келгендердин баарын чайхана батыра албады. Ошол кезде жоон топ мугалимдерин ээрчиткен директор да келип өз орундарын ээлешти. Додон аксакал баш болгон аксакалдар эч нерсе болбогондой, эч нерсе билбегендей өздөрүнүн узун сөздөрү менен отура беришти.
Мугалимдер директору баш болуп отурушкандан кийин баардыгы дымып, “качан сөз башталат?” дегенсип жымжырттык өкүм сүрүп калды. А Додон ава менен аксакалдардын сөздөрүнүн аягы көрүнбөйт. Отургандарга көңүл да бөлүшпөйт. Акыры директор чыдабай кетти окшойт, “Додон ава, биз чогулуп калдык” деп аксакалдардын көңүлүн буруп калды. Шайдоот жаркылдап, “сиздин сөздү уксак деп бул жерге мурда-кийин келбеген адамдар да келди, эми баштабайсызбы?” деп жылмайып айлана-тегерегин карады. Мына ушул кезде азыр эле аларды көргөндөй болуп Додон аксакал “аа келдиңерби, сен директор балам, даптар, каламиң кана?” деп калды. Директор шашып 12 беттен турган окуучунун дептери менен калемин алып чыкты. “Ай балам, бул даптарың өтө эле жука го? Кана, каламиңди жакшы учтадыңбы? Калыңыраак даптар албаптырсың да, майли эми. Кана баштадык”. Чоң чайхананын ичи чымын учса угулган тынчтык өкүм сүрдү. Додон ава шашпай чайдан уурттап, “кана, жаз!” деп директорго катуурак айтты.
“Бу мени “согуш жылдарында бул жерде калып, бу дөөпарада бир да аял калтырбаптырсың” деп бир эмес бир канча жолу айттың. Ошону мен көпкө ойлондум. Айла канча эми, жаз, номур биринчи өзүңдүн апаңды жаз”. Директордун колундагы калем сап ыргып кетти. Анын кебетеси курч чалгы менен шылый чабылган бедени элестетти. Чайхананын ичи күлкү, кыйкырык, ышкырык, ызы-чууга толуп чыкты. Завучу теңселте жетелеп чыгып бараткан директордун далысы гана көрүнүп турду.
Додон аксакал ызы-чуу басылары менен өзүнүн коңур, уккулуктуу үнү менен сөзүн улай берди... “Ал жылдардын каарын Кудай экинчи көрсөтпөсүн. Башы эсен, боору бүтүн бир да үй-бүлө калбады го. Баардыгын фронтко деп боконосу ката элек балдардан тартып кары-картаңдарга чейин бел чечпей иштедик. Бутумдан сылтып басканыма, кат тааныбаганыма карабай колхозго башкарма болуп кат тааныган 11 жаштагы тиги Макени түнү-күнү уктатпай жанымда алып жүрүп иштедик го. Эми мындай бейпил заманда атасынан улуу мага, эли-журттун арасында кадыр-баркы бар адамга “кой-ой” дегенге болбой, жанагындай сөздөрдү чыгарганы жогорку маалыматтуу болсо да, бери эле болгондо бетаасир адамдын беадептиги. Кудай эми бизди ошондой согуштан сактасын! Ушул турмушубуз кут болсун! Оомийин!” деп бата тартып койду. Адамдар акырын жылып чыгып кетишти. Додон аксакал кампаниясы менен үзүлгөн аңгемесин улантып калышты.
Эсенали ака айтып бүтүп, “карачы кызталак беадепти!” деп койчу. Көрсө, бизди “мындай беадеп болбогула” дегени экен да...
Жолборс Жоробеков
"Азия Ньюс" гезити











