Түрмөдөн коркпогон, төртүнчү ирет камалган Равшан Жээнбеков

Кой-Таш окуясы боюнча Равшан Жээнбеков менен Фарид Ниязов камалып кетти. Алмазбек Атамбаев сыртынан соттолду. Калган катышуучулары пробациялык жаза алышып, эркиндикте калышты. “Чубактын кунундай созулган” бул иштин тергелип келатканына жети жылдай убакыт өттү. Натыйжада, бир тараптуу соттоо аракети көрүлдүбү? Эмне үчүн Сооронбай Жээнбеков, Кашкар Жунушалиев, Орозбек Опумбаев жана Өткүрбек Жамшитовдор жашынып калышты? Кандай гана чыр-чатак болбосун, тыяктын эки учун таразалагандай баа берилиши керек эле. Баарынан да таңгалычтуусу, Равшан Жээнбеков төртүнчү ирет камалып отурат. Бул саам да түрмөдөн коркпой турганын, саясый күрөштө сынбаганын далилдеп, ички духунун күчтүүлүгүн көрсөттү. Коомчулукта Равшан мырзаны баалагандар арбын, бирок ачык айтуудан коркушат...
"Азия Ньюс" гезити