Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Меңди Мамазаирова, акын: “Коррупционерлердин колдорун кесип, эл алдында атыш керек”

Меңди Мамазаирова, акын: “Коррупционерлердин колдорун кесип, эл алдында атыш керек”

15-сентябрь, 12:56
568 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Коррупция менен күрөш күчөгөн сайын коррупционерлер күч ала баштадыбы? Неге күндө кармап атса деле алар түгөнбөй жатышат?

-- Коррупцияны токтотууга УКМК чоң күч жумшап, катуу аракет кылууда. З0 жылда бүт республикага ажырыктай тамырын жайган коррупцияны жок кылуу, түгөтүү чынында кыйынга турууда. Болгондо да так ошол тартип коргоочулардан, мыйзамды мыкты билгендерден коррупционерлер чыгып атканына таңгалып жатам. Өткөндө социалдык тармакка "Таң калам" деген постту ошон үчүн жазгам.

-- Эмнеге темирдей тартип орнотууга аракеттер жасалса деле коррупция токтобой жатат? 

-- Коррупцияны токтотуу үчүн жазаны катуулатышыбыз керек. Анткени, жазанын жеңилдигинен коррупционерлер кайра эле баш көтөрүшүүдө. Коррупцияны тамырынан кыркуу боюнча менин бир топ сунушум бар: 

-- мамлекетке өтө чоң зыян алып келгендерди көп жылга, катуу жаза берчү жайга кесүү;

-- чоң зыян алып келгендерди башка өлкөлөрдөгүдөй кылып бир колун билегинен кесүү;

-- орточо зыян алып келгендердин башбармагын кесүү; экинчи, үчүнчү уурулук кылгандардын манжаларын катарынан кесүү. Бул ыкма менен манжасы бүтүндөр элдин акысын жебегенин билсе болот.

Ошондой эле мамлекетке эбегейсиз зыян келтиргендерди эл алдына алып чыгып атуу да керек! Чынында мындай зыянкечтерден эл азайып кетпейт. Ошон үчүн өлүм жазасын киргизүү маанилүү.

Коррупция менен бир адам же бир органдын күрөшкөнү аздык кылат. Ошондуктан расмий команда түзүп, күрөштү мындан да күчөтүү зарыл. Анан да мамлекеттин мүлкүн жегенге ыңгайлуу жерде иштеген: депутаттарга, министрлерге жана башкаларга аёо болбошу керек.

Мына, кечээ эле “300 миллиондун изи жок” деп маданият министрлигине доомат коюлду. Чынында маданият тармагында канча жасалбай жаткан иштер бар: айыл жериндеги китепканалар, кээ бир маданий жайлар кароосуз калган. Ошончо каражат бөлүнүп атса дагы жасалбай жаткан иштер арбын. Айтайын дегеним, эки жылдан бери драматургдардын толук метраждуу пьесаларына конкурс жарыяланып, мамлекеттин каражатынан калем акы төлөшөт. Таңгалганым, ал ошол бойдон калып калат. Көтөргөн идеясына, темасына карата республикалык театрларга бөлүштүрүү, спектаклге керектүү каражатын бөлүп берип, сахналаштыруу жагына келгенде эле “каражат жок” дешет. Мен болсо 300 миллиондун изи каякта? Ошончо каражат кайсы куу кекиртекке кирип кетти экен?” деп отурам. Мамлекет ошончо сумманы берип атса деле маданият тармагында каражат жетишсиз болуп жатканына таңгалам. Угушубузга караганда, маданиятка миллиарддар бөлүнүп аткан имиш... 

-- Снос оң жыйынтык берүүдөбү же карапайым адамдар эле жабыркап жатабы?

 -Снос абдан жакшы натыйжа берүүдө. Жакында Ошко барып келдим. Айтылуу Акуура дарыясын мурун чоңдор бөлүп алып, дайранын үстүнө сауна- мончолорду курушкан. Алар Акуурадан суу ичкен элдин убалын ойлошпой, сауна, мончолордон чыккан бок-сийдикти сууга төгүшкөн. Мына эми Оштун жигердүү мэри ага бөгөт коюп, баарын буздурууда. Анын бул аракети мактоого татыйт. “Акуура арууланды” деп ыр жаздым.

Бул иш үчүн Токторбаевге эл алкышын жаадырып атат. Ал эми борборубуз Бишкекте да мыйзамсыз салынган имараттар буздурулуп, иретке келтирилүүдө. Ал имараттардын көпчүлүгү аткаминерлердин үй-жайы экен.

 Негизи эле сностон карапайым эл жабыркабашы шарт. Аларга ар тараптан шарт түзүп берип, анан бузуу керек. Араң жашап аткан мекендештерибиз көчөдө үй-жайы жок калбасын. Баардык нерсени бузарда терең иликтеп, жашоочулардын ал-акыбалына кароо зарыл. 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер