Жазгүл Жамангулова: “Адамзатты жырткычтыктан элдик жомоктор сактайт”
Китеп окуунун маанилүүлүгү, китепканалардын жаңыланууга муктаждыгы, китепкөй муунду тарбиялоодо үй-бүлө мүчөлөрүнүн ролу тууралуу кызыктуу пикирлери менен акын, журналист, китепкөй инсан Жазгүл Жамангулова бөлүштү.
-- Алгач Ош шаардык кеңешинин депутатынын “китепканаларды жоюу керек” деген сунушунан баштасак. Бул сунушка сиздин пикир кандай? Чын эле китепканаларга барган адамдар жокпу? Алар жөн эле акча коротуп кармалып турабы?
-- Китепканаларды жоюу боюнча айтылган пикир бүгүн өтө кызуу талкууланып жатат. Албетте, азыр айтылган сөздү ооздон жулуп эле сындай калууга макул эмесмин. Бүгүн бул тармак талкалоого эмес, жаңылоого өтө муктаж. Себеби, учурда Кыргызстандагы китепканалар өзгөчө заманбап усулдарга ыңгайлуу болгон милдетин дээрлик аткарган жок. СССРден бери келаткан “солдат шапкесин” чече албай жаткан китепканалар бар. Кеп удулу келгенде айтайын, менин студенттик курагым Бишкек шаарындагы К.Баялинов атындагы китепканада өткөн. Кийин балалуу болгондон кийин да балдарымды ээрчитип алып бардым. Киргенде эле кабылдамада отурган «бозоргон эжекенин» мамилесинен кийин мен кайра кайрылып баргандан заарканып жүрөм. Мындай көрүнүш толтура. Китепканага киши барбай калганы чын. Калп эле көшөкөрлөнүп «сулуу чымчык» болуп, “китепканаларды жаппагыла” дегендердин өздөрү китепкананын жытын унутуп калган. Керек болсо китеп окубашы да мүмкүн... Эски кебете, тамтыгы чыккан мамиле, өнүкпөй калган кадрлар, жаңыланууга багыт ала албаган китепканалар азыр кайрадан көзүн ачып, реалдуу жашоого, заман шартына, керек болсо базар шартына, креативдүү изденүүгө барышы керек.
-- Эгер китепканаларды заманга ылайыктап реформалай турган болсо, ал жайды сиз кандай элестетээр элеңиз?
-- Намыстанбай эле дүйнөдөгү мыкты усулдарды колдонуу керек. Алардын ичинде Финляндиянын китепканалары тууралуу китепкөй замандаштарыбыздын бири Бакытбек Абдуллаев өз интернет баракчасына бөлүштү. Анда Финляндия өлкөсүндө жалпысынан 800 китепкана акысыз кызмат көрсөтүү менен китепканачылар маалымат тармагында жогорку квалификациядагы адистерге айлангандыгы тууралуу жазылат. Тактап айтканда, мамлекет элдин китеп окуусуна абдан кызыгат, шарт түзөт, жаңыча багыт издейт дегендик. Азыр Кыргызстандын чоң шаарларында китеп дүкөндөр ачылып, китеп окуган адам жылуу, жайлуу жерде ысык чайын ичип, интернет тейлөөнү пайдаланып иш алып барып жаткан көрүнүш өтө жагымдуу. Бирок, бул аз. Ушул сыяктуу жаңычыл мамиле кылгандарга ийгилик каалайм. Негизинен, соңку учурда китеп окууга мамиле өзгөрүлдү. Кыргыз бирдемени жакшы көрүп калса, аны тез эле өздөштүрөт, буюрса бул тармак да гүлдөп өнүгөрүнө ишенем.
-- Китеп окуунун маанилүү экенин жөнөкөй мисалдар менен түшүндүрүп берсеңиз?
-- Китеп – эң жакшы дос. Достор ар кандай болуп калат, бирок китеп эч качан сатпайт, чаң басып жатса да сени күтөт. Качан келип ачсаң акылдын тунугун айтат, жол көрсөтөт. Мен соңку жылдарды балдарыма, анан китептерге арнадым. Китеп унчукпоону үйрөттү. Адам эч нерсени билбестигин билгенде унчукпай калат. Китеп мага жамандан алыс болууну түшүндүрдү. Китеп сөздүн гүлүн терип сүйлөөгө машыктырды. Китеп калбаат, көтөрүмдүү болуу менен жеңил-желпи мүнөздөрүмдү дарактын чиригиндей күбүп, деңиздей мелмилдеген тереңдикти сүйдүрдү. Тереңдик менен тайыздыктын баасы бирдей болбостугун кыргыз жакшы билет. Азыр ызы-чуу, кыйкырык-сүрөөн арасында жылмайып, эмоциясын ичине каткан, сүйлөбөгөн, тынч жашаган, колунан келгенин жасаган акылгөй адамдар бар. Тайыз адамдар аларды унчукпагандыгы үчүн “келесоо, коркок” деп ойлошот. Бирок ошол тынч деңиздей болгон китепкөй, акылгөй инсандар бош челектин үнү катуу чыгарын билишет. Теңелбейт! Мени ошондой терең адамдар кызыктырып калды. Кыргызды, деги эле баардык улутту тереңдик сактайт.
-- Ар түрдүү үй-бүлөдө (жарты, мигранттардын ж.б.) китеп окуу үлгүсүн жайылтуу жагдайлары тууралуу ой бөлүшсөңүз?
-- Бүгүн ата-энеси сыртка кетип, бирөөлөрдүн колунда калган балдардын абалы өтө оор. Ата-энелер азыр «бала мыйзамынын» мектепке окутуу, кийим алып берүү, курсагын тойгузуу деген гана беренелерин аткарып, эң негизги “мээрим” беренесин унутуп атышат. Курсагы ач болсо да, апанын, атанын кучагында мээрим сезип чоңойгон бала коомго коркунуч алып келбейт. Жакшы кийинген, бирок жандүйнөсү ачка балдар – мамлекеттин эртеңки жырткычтары. Адам жырткычы айбан жырткычынан алда канча коркунучтуу экенин капарга албай жатабыз. Адамзатты жырткыч болуудан сактаган негизги нерсе – элдик жомоктор, элдик тарбиялар, дүйнө мыктыларынын өмүр жолу жазылган китептер жана атанын каны, эненин сүтү менен өткөн мээрим. Ушул экөөнү жоготкон ата-эне кийин жоголгон мүнөттөргө бүтүн өмүрүн берип таппай калат. Акча табылат. Бул “балаң менен бүгүн Кудай тууралуу сүйлөшпөсөң, эртең Кудай менен балаң тууралуу сүйлөшөсүң” дегенге жатат. “Балдар компьютер, мобилдик телефондордон көптү билип алат” деп тайкы курсанттыкка алдырбоо керек. Баланын мээси китеп окуганда элестетүү менен өсөт, телефон көргөндө мээ автоматтык түрдө блогго отуруп калат. Блогго отурган мээ роботтордун өсүүсүн шарттайт. Эртең “ушул роботтун апасы же атасы мен” деп айтып калуудан корксок, күнүнө балага 15 эле мүнөт китеп окуп берип, сырдашып, боорубузга кысып кучактап туруубуз зарыл. Мен баардык мекендештеримен аманатка кыянаттык кылбоону суранам. Себеби, бизге бул өмүр, бул мамлекет, бул үй-бүлө, бул балдарыбыз, бул тирүүлүк – өзү аманат.
-- Сиз бир дем менен окуган беш китеп?
-- Р.Гамзатов «Менин Дагстаным», Ш.Дүйшеев «Агындылар», С.Фредерик Старр «Жоготулган агартуу», Ч.Айтматовдун «Балалык» китеби, япондордун «Кылычсыз самурай», кытай адабиятынан «Бөрү эненин кыялы». Негизи, мен абдан көп китептерди чогултуп, кайра-кайра кайрылып, кудуңдап, алдын сызып окуй бергендерге кирем.
Мээрим Асанова
"Азия Ньюс" гезити