Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Өмүрзак Төлөбеков, кинорежиссёр: «Бийликти сындагандар “Манастын уулу Семетейге” каршы чыгып жатышат”

Өмүрзак Төлөбеков, кинорежиссёр: «Бийликти сындагандар “Манастын уулу Семетейге” каршы чыгып жатышат”

22-декабрь, 22:30
918 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Өмүрзак мырза, “Манастын уулу Семетей” тасмасы жабык эшик артында коюлуптур. Кимдер болуп көрдүңүздөр? Кандай бааланууда?

-- 16-декабрда президент Садыр Жапаровдун катышуусу менен "Манастын уулу Семетей" тасмабыздын жабык көрсөтүүсү өттү. Ага тарыхчылардын, манасчылардын, киночулардын, адабиятчылардын өкүлдөрү, чыгармачыл союздардын жетекчилери катышты. 

Адабият институтунун директору Абдылдажан Акматалиев, журналисттер союзунун төрагасы Абдыкадыр Султанбаев, аксакалдар кеңешинин төрагасы Дөөлөтбек Шадыбеков, ЖК депутаты Эркин Жолдошалиев кино тууралуу жакшы пикирлерин, ал эми манасчы Талантаалы Бакчиев, тарыхчы Кыяз Молдокасымов, Жазуучулар союзунун төрагасы Нурлан Калыбеков сын пикирлерин айтышты.

Негизинен сынчылар тарабынан Семетей менен Конурбайдын согушунда массовкадагы адам саны аз экени, сакалдар жакшы гримделбегени, кийим-буюмдар эски заманга туура келбестиги белгиленди. Мен массовкадагы адам санын көбөйтүү, сакалдар грими компьютердик графика аркылуу жасалып атканын билдирдим. Президент Жапаров кийим-буюмдар миң жыл мурда кандай болгондугун эч ким билбестигин, андыктан мындай доомат орунсуз экендигин белгиледи.

-- Мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов чыгармачылыкты терең түшүнгөн, руханий дүйнөсү бай адам эмеспи. Ал киши тасмадан кемчиликтерди көрө алган жокпу? 

-- Мындан эки айга жакын убакыт мурда мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетовдун, вице-премьер-министр Эдил Байсаловдун катышуусунда жабык көрсөтүү уюштурганбыз. Атасы белгилүү манасчы, "Манасты" терең билген Касмамбетов тасмабызга оң баа берген. “Муз ордунан козголду”, “Өмүке эрдик жасаптыр” десе, Эдил Байсалов “мен прессадан ызы-чууну окуп, кинону көргөндөн кийин алардын эч кандай негизи жок экенин жана бул Кыргызстанды даңктаган кино болоруна толук ынандым” деген пикирин билдирди. 

-- Бул тасмаңыз тартылып баштагандан бери эле талкууга, сын пикирге кабылып, коомчулуктун бүйүрүн кызытып келатат го? Өзгөчө каршы болгондор кимдер? Алардын дооматтары реалдуубу, жетиштүү деңгээлде ой-пикир айтып атышабы?..

-- "Президент жана БОМЖду" тартууда режиссёрлук кылган Ырыс Окенова макулдашкандан ашыкча калем акы талаптары менен мага каршы чуу чыгарган. Ага анын күйөөсү Дөөлөт Сыдыков кошулуп, тааныш-санаалаштарын дүргүтүп, каршылык башташты. Аларды мага оппонент кесиптешим, мен "жин, бакшыны жазып элди караңгылыкка түртүп жатасың" деп сындап келген Чолпонбек Абыкеев ошол учурда мамлекеттик катчы боло калып, дээрлик каршылык акциясын жетектеди. Аларга анан азыркы бийлик оппоненттери кошулду. Ким катуу сын пикир жазгандардын ФБдагы профилине кирсем, Садыр Жапаровдун бийлигинин каршылашы болуп чыгууда.

-- Сиздин кемчиликтерди козгосо эле чычалап кетесизби?

-- Сын-пикир адатта пайдалуу. Манасчылардын каршы чыгуусунун сыры – азыр "Семетей", анан "Сейтек", кийин "Манас" кино болсо, алардын Манас айтуусунун зарылчылыгы азаят. Ошон үчүн каршылык добулбасын катуу кагышууда. Бирок, алардын арасында да заман талабын туура аңдагандар жок эмес. Мисалы, Рысбай Исаков "Семетей" боюнча өзүнчө кино сценарий жазып жүрүптүр. Аны менен кызматташууга даярбыз. Бирок, “тасманы тартпайлы, чыгарбаш керек” деген бул сын эмес, душмандык. Бир оппонент, же бир ууч топ кинону чыгарбай коё албайт. Бул алардын иши эмес жана алардын колдорунан келбейт. Буюрса, "Манастын уулу Семетей" тасмабыз элге тартууланат. Болгондо да эл аралык аренага чыгат.  Ал эми жалпы коомчулук негизинен "чыкканда көрөрбүз" деген пикирде.

-- Мындан ары “Манастын уулу Семетейди” коомчулукка чыгартпоо аракеттери көрүлүп, катуу чабуулдарга кабылсаңыз кандай кыласыз? Күрөшөсүзбү же?..

-- 200 миллион жазылуучусу бар "Нетфликс" эл аралык эң абройлуу интернет каналы менен иштешип атабыз. "Манастын уулу Семетей" тасмабыздын бул 1 саат 40 мүнөттүк варианты кинотеатр үчүн, ал эми "Нетфликс" менен 12-14 сааттык телесериал тартууну макулдашып атабыз. Ошондо буюрса, эпос кеңири чагылдырылат. Болбосо азыр оппоненттерибиз “тигил, бул маанилүү эпизоддор, персонаждар камтылбаптыр” деп сын тагышууда.

Акын БЕКЧОРОЕВ
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер