Убагында Отунбаева эрдик жасаган, эми Алтынай айымга жол ачалы
Ооба, 2010-жылдын 7-апрелине чейин өлкө болбой калган эле. Курманбек Бакиевдин кандуу бийлигин кетирүүгө Алмазбек Атамбаев, Өмүрбек Текебаев баштаган саясатчылар салым кошушкан. Аларга катар жүргөн Роза Отунбаева убактылуу өкмөттүн башында болуп, андан соң президент катары да ийгиликтүү иштегени ырас. Июнь коогалаңын сепаратисттер баштап ийишкенде Отунбаева башкы жоопкерчиликти колго алып, өлкөгө бейпил жашоону тартуулаганы эсибизде.
Бүгүнкү күндө да кыргыз элинин башына коркунуч келип турган чагы. (Дүйнөлүк коомчулук коронавирустан жабыр тартууда.) Кыргызстанда аба каттамдары, чек аралар жабылып, ансыз да “эшейген” экономикада туруксуздук орун алды. Доллардын курсу көтөрүлүп, азык-түлүккө болгон баалар өстү. Мындай шартта запастагы продукциялар калбай баратат. Өкмөт башчы Мухамметкалый Абылгазиев качан гана коомчулук сындаганда кыбырай баштайт эмеспи. Кашаңдыгы кашайтып бүтмөй болду го? Эл нааразы. Өзгөрүүгө убакыт келди! Кырдаал курчуп баратканда вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова өкмөт жетекчилигине дайындалса, келечекке үмүт жаралат эле. Алтынай айым сергек, билимдүү, иштин көзүн билген, мекенчил кадр. Чүйдүн кызы, Таластын келини. Дал ушундай татыктуу инсанга орун бошотуп, элибиздин эртеңки күнүнө жол чаппайлыбы?..
Тарыхта, өткөн чагыбызда деле аялдар эркектерден ашып, алгылыктуу кызмат кылышкан. Алыс барбай 2010-жылдагы Отунбаеванын эрдигин эске салып отурабыз... Учурда Өмүрбекова профессионал кадр катары бышып-жетилип турат. Эркектер жарабай калса аялдарга башты ийели да, туурабы?..
Aryba.kg