Акыркы кабарлар
» Коом » Митингге чыккандар Жеңиш Разаковдун кызматтан кетишин талап кылышты
Митингге чыккандар Жеңиш Разаковдун кызматтан кетишин талап кылышты
16-январь, 17:14
372 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌Кечээ Жогорку Кеңештин алдында кыргыз-тажик чек арасы боюнча маселени чечүү жана Баткенде чек ара чырына байланыштуу камакка алынган Көк-Таш айылынын төрт тургунун бошотуу тууралуу талап менен нааразылык акциясы өттү. «Чек ара» коомдук бирикмесинин мүчөсү Бекназар Айталиев акцияга чыккандар бийликке алты талап коюп жатышканын жарыялады.
“Президент чек ара маселесин көтөрүп, жер-жерден келген жарандарды кабыл алсын. Баткенде жалган жалаа менен кармалган төрт киши тез арада бошотулсун. Чек арага жакын жашаган элди коргоо үчүн элдик кошуундар түзүлсүн. Чек арачылар кошумча техника менен камсыздалып, саны көбөйтүлсүн. Дагы бир талабыбыз – вице-премьер-министр Жеңиш Разаков кызматтан кетсин!” деди Айталиев.
"Азия Ньюс" гезити