Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Венера Имангазиева: “Жеңүүчүлөргө бир миллион сомго чейин кайтарымсыз каражат берилет”

Венера Имангазиева: “Жеңүүчүлөргө бир миллион сомго чейин кайтарымсыз каражат берилет”

01-сентябрь, 18:06
577 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

“Кыргызпатенттин” алдындагы интеллектуалдык менчик мамлекеттик фондунун ойлоп табуучулук ишмердүүлүктү колдоо бөлүмүнүн башчысы менен маек.

-- Венера Мэлисовна, “Кыргызпатент” “40 райондон 40 демилге” долбоору боюнча Кыргыз Республикасынын аймактарында иштелип чыккан инновациялык демилгелерди тандоо жарыялады. Тандоонун негизги максаты эмнеде?

-- Аталган “40 райондон 40 демилге” долбоордун максаты – республиканын бардык аймактарында ойлоп табуучулук жана инновациялык ишке жарандардын кызыкчылыгын жана жигердүүлүгүн жогорулатуу, ошондой эле өнүгүп келе жаткан рынокту илгерилетүү жана экономиканы жакшыртуу. Мындан сырткары, катышуучулар жеке бизнесин өнүктүрүү боюнча бизнес-долбоор жазуу, ошондой эле инвесторлор менен өз ара аракеттенүүнүн эсебинен инновациялык долбоорлорунун сапаттык жана сандык көрсөткүчтөрүнүн динамикасын өнүктүрүү боюнча сунуш-кеңешмелерди алууга окутуучу программадан (акселерациядан) өтүүгө мүмкүндүк алат.

-- Тандоого кимдер катыша алышат?

-- Катышууга республикабыздын 40 районунан технологиялык өзгөрүүлөр менен байланышкан, Кыргызстанга артыкчылык берүүгө жардам бере турган мыкты идеялары бар жеке жаратмандар, ишкерлер жана долбоордук топтор чакырылат. Ошондой эле катышуучулар келишимдик негизде жалпы долбоордук программа түзүп, жалпы долбоордук сунуш беришсе болот.

-- Байге фондусу канча?

-- Тандоонун жеңүүчүсүнүн бир инновациялык долбоорун ишке ашырууга 1 000 000 (бир миллион) сомго чейин кайтарымсыз негизде бөлүнөт. Кредит эмес. Финансылык каржылоо келишимге ылайык акча каражатын өздөштүрүүгө жараша жүзөгө ашырылат.

-- Тандоо өткөрүүнүн тартиби боюнча айтсаңыз?

-- Жеке жаратмандар, ишкерлер жана долбоордук топтор тандоого катышуу үчүн өтүнмөнү толтуруп жана жобого ылайык керектүү документтерди тиркеп, райондук мамлекеттик администрация аркылуу “Кыргызпатентке” 2022-жылдын 15-октябрына чейин жөнөтүүлөрү керек. 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер