Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Саясый стратег Бекболот Талгарбековдун тажрыйбасын пайдаланууга мезгил келди

Саясый стратег Бекболот Талгарбековдун тажрыйбасын пайдаланууга мезгил келди

07-октябрь, 11:26
1 414 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Учурда кадр саясатынын оңолбогону элибизге кедергисин тийгизүүдө. Качанкыга чейин тамтаңдайбыз? Өзгө-жатка бөлүү, тууганчылык, жердешчилик “ит ооруларынан” арылабызбы? Сабатсыздар аксарайга толуп кетишти го?..

Маселен, өнүккөн өлкөлөрдө ишбилги адистерди саясый көз карашына же курагына карабай, жогорку кызматтарга дайындашат. Аларда кайсы бир системаны оңдоп, алдыга жылдыруу маанилүү. Экономикасы күчтүү мамлекеттерде негизинен чечүүчү постторду жашы алтымыштан өткөн, билимге, тажрыйбага каныккан кадрлар аркалайт. Ошол эле Сингапур, Малайзия, Кытай, АКШ, Европа ж.б. А бизде “дакансалар”, “келатат жаштар, келатат” деген жалган ураандарга жамынуу салтка айланып калгандай. Бул сандырактык! Негизинен жаштардын психологиясында шапар тебүү, кымбат машина, хансарайларды алуу азгырыгы бар. Ошон үчүн бизде коррупцияга кабылган колу туткактар арбын... 

Ал эми алтымыштан өткөн кыраакылар өздөрүнүн атын таза сактоого, тарыхта калууга жан үрөшөт. Ушул жерден суроо туулат: эмне үчүн биз жакшы билген, саясый стратег Бекболот Талгарбековдун тажрыйбасын мамлекетти өнүктүрүү үчүн пайдаланбайбыз? Бул адам жаш кезинде ийгиликтүү жетекчи катары бир катар жогорку кызматтарда иштептир. Билимге каныккан, көрөгөч. Ар дайым туура багытты көрсөтүүгө дилгир жана чынчыл. Убагында жалган жалаа менен саясый куугунтукту баштан кечирип, түрмөдөн майтарылбай чыккан... “Атаң алтымыштан ашканда алдап-соолап күчүн ал” деген даанышман кеп бекеринен айтылбаса керек. Дал ушул Бекболот Талгарбековду кандай гана кыйсыпыры түшүп аткан тармакка алпарсак да, оңдоп кетерине ишеним күч. Ириде, бийик көз карашы, мамлекетчил сезими бар. Реалдуулук ушундай. Абийирине камчы салбайт...

Бирок, бизде баягы эле көралбастык, принципсиз аракеттер коомду тумандатып, кайда алып баратканы белгисиз. Качан масштабдуу, калыс маанайында ой жүгүртөбүз? 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:



Тектеш материалдар:

Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
“Казакстанда коронавирус катталды” деген билдирүү тарап жатат
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
(Видео) Тажиктердин ок жаадырганы... Коргологон Лейлектин тургундары...
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер