Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Калктын аялуу катмары үчүн акысыз дүкөн ачылды

Калктын аялуу катмары үчүн акысыз дүкөн ачылды

18-декабрь, 12:41
621 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Бишкек шаарында колунда жок, калктын аялуу катмарлары үчүн акысыз кийим берүү дүкөнү ачылды. Бул тууралуу Фейсбук социалдык тармагында активист Виктория Победа жазып чыкты.

Анын айтымында аталган дүкөндө колунда жок жана оор турмуштук абалда калган адамдар акысыз кийим алып, жашоого эң керектүү буюмдарды алуу үчүн арыз калтыра алышат. Азырынча дүкөн Бишкекте гана иштеп жатат, бирок, бүткүл республика боюнча ташып жеткизүү мүмкүндүгү болмокчу.

«Биз мындай үй-бүлөлөргө тынымсыз көз салып турмакчыбыз. Биздин негизги максат – үй-бүлөлөргө кризистик абалдан чыгууга жардам берүү. Ошондой эле бардык кайдыгер эмес жарандарыбызды азык-түлүк, курулуш материалдары менен ушундай дүкөндөрдү ачууга көмөктөшүүгө чакырабыз. Ишкер адамдарынан кызматташууну суранабыз, бир катар устакана ача турган болсок, муктаж адамдарды ал жерден кандайдыр-бир өнөрлөргө үйрөтүп, жумушчу орундарын түзүп берет элек», – деп жазган ал.

Эскерте кетсек, кыш мезгилинде көчөдө калган үй-жайы жок жарандар үчүн Кыргызстандан аймактарында, Бишкек шаарында атайын баш калкалоочу жылуу жайлар ачылып, жылуу кийимдер берилет.

Aryba.kg

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер