Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Бейшенбек Абдразаков, экс-депутат: “Мамлекеттик кызматкерлердин руханий жандүйнөсүн агартуу зарыл”

Бейшенбек Абдразаков, экс-депутат: “Мамлекеттик кызматкерлердин руханий жандүйнөсүн агартуу зарыл”

03-октябрь, 21:35
596 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Бейшенбек мырза, учурда элдик люстрация жүргүзүүнүн эң жөнөкөй жолу – тараган ЖК депутаттарын кайра келтирбөө машакаты ишке ашабы? Бул боюнча кандай пикирдесиз?

-- 30 жыл эл талап кылган люстрация үч жылдан бери жүрүп жатат. Тагыраагы, 30 жыл элди, мамлекетти талап-тоноп, сатып, качып кеткендерден жана каралардан бери тазаланууда. Жалпы жонунан бул жакшы көрүнүш, бирок мамлекет дагы деле коррупционерлерден тазаланып бүтө элек. Күнүгө Ала-Тоо-24төн камалганын көрсөтүп жатса деле тыйылып калбай, кайра эле пара алып кармалышууда. Демек, коррупция менен комплекстүү күрөшүү керек. Ошондой эле санарип, электрондоштуруу, адам факторун жоюу, мамлекеттик кызматкерлердин руханий жандүйнөсүн агартуунун үстүндө да иштөө зарыл.

-- Баса, өзүн-өзү тараткан депутаттардан “парламенттик шайлоого талапкерлигимди коюшумду эл суранып жатат” дегендер да чыгууда. Буларга ишенсек болобу?

-- Андайларга ишенбеш керек, алар ошентип элди алдап көнүп калышкан. Эл эми талапкерлердин таттуу сөздөрүнө, убадаларына алданбаганы оң. Маселен, мурда талапкерлер мектеп, бала бакча, жол салып, суу, свет киргизип берем деп айтчу эле. Азыр анын баарын мамлекет өзү жасоодо. Чарба иштерин, социалдык көйгөйлөрдү президент өзү чечип жатат. Депутаттар бир гана мыйзам жазып, көзөмөлгө алса эп. Эл көйгөйлөрүн жаңы конституциялык курултай мыйзамына ылайык делегаттарга берсе туура.

Бизде 30 жылдан бери 200-300 миң долларга мандат алышып, баардык мамлекеттик иштерге аралашып, кадр, тендер, конкурстарга катышып, өз кишилерин түртүшүп, шайлоого кетирген акчаларын чыгарып алышчу. Өзгөчө парламенттик (башаламан) башкаруу кезинде.

-- “Добуш сатылбайт, саткандар жазага тартылат” дегенге ынандыңызбы? 

-- Азыркы шайлоо мыйзамында да мүчүлүштүк же болбосо добуш сатып алууга шарт түзүлүп калган жагдайлар бар. Маселен, жөнөкөй жалпак тил менен айтканда, добуш сатып алууну мыйзамдаштырып коюшкан. Шайлоо фондун көбөйткөнү менен миң агитатор жалдап, добуш сатып алуучулардын санын көбөйткөнүбү?

Миң агитаторго 40-50 миң сомдон айлык төлөп берип, “10 добуштан алып келесинер” десе, ошентип эле депутат болуп өтүп келет, баардыгы мыйзамдуу. 

-- Президенттин таза шайлоого үндөгөн кайрылуусуна кандай карайсыз?

-- Президенттин таза шайлоого үндөгөн кайрылуусу жакшы. Бирок мыйзамда “миң агитаторго миллиондорду таратуу” дегени кандай? Добуш сатып алууну мыйзамдаштыруу болуп эсептелет да. 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер