Свет өчүп баштаса, көмүр жетишпесе, шыйрагыбызды жагабызбы?..


“Кышка карай электр энергиясына чектөөлөр киргизилсе, свет өчүп баштаса, көмүр жетишпесе, шыйрагыбызды жагабызбы?.. Ансыз да кымбатчылык кара тумоодой каптап баратканда, өкмөт элдин жүгүн тарта албай калдыбы?” деген собол узаттык.
Союзбек Ибраев, жеке ишкер:
-- Электр энергиясына болгон керектөө жылдан жылга көбөйүүдө. Мурун биз экспортко чыгарып жүрсөк, азыр тескерисинче импорттон алып атабыз. Бул туура эле кадам. Албетте, убагында мурунку бийлик кичи ГЭСтерди курдурбай койду. Ошондо эле старт бергенде, менчик ГЭСтер электр жарыгына бир топ кошумча болмок. Анысы ал, эми эгерде техникалык жагынан алып караганда мамлекет электр энергиясына чектөө киргизгенге муктаж болуп турат. Анткени, кыштын күнү элдин басымдуу бөлүгү электр жарыгына көз каранды жана жаз, жай мезгилдерине караганда көп колдонуп башташат. Подстанциялар, ал жерге келген чубалгылардын кубаттуулугу чектелүү. Кандай болгон күндө да чыңалуу болбой койбойт. Таптакыр керектен чыгып калбас үчүн андай жерлерде 2 же 3 саатка чейин өчүрүү жагдайы болот. Эл да муну түшүнүү менен кабыл алышса дейт элем.
Атамбаев “Датка-Кемин” көмөк чордонун курдуртуп, Токтогул ГЭСинен электр жарыгы келип атат. Мурун анысы жок кандай акыбалда элек? Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун электр жарыгы боюнча түшүндүрмөсүн тыкыр карап чыктым. “Ушунча чыдадыңар, эми дагы 3 жылдай чыдап койгула. Чоң, орто жана кичи ГЭСтер курулат” деп ишенимдүү айтыптыр. Айтканын айтты, бирок өкмөт чакан ГЭСтерди курууда болгон жардамын бериши керек, насыя жагынан колдоо кылып. Алсак, Куланак чакан ГЭСинин кожоюну каржылоо жоктугунан өз күчү менен куруп атат, мамлекет каржы жагынан колдоо кылып койсо, бул иш аз эле мөөнөттө бүткөнү турат. Кабминдин кагазга жазгандарынын баары ойдогудай болсо, 2026-жылы биз электр жарыгы менен толук камсыз болуп, керек болсо экспортко жөнөтө баштайт экенбиз. Бу жагын көрө жатабыз го...

Батыркул Баетов, экономика илимдеринин доктору, техника илимдеринин кандидаты, профессор:
-- Энергетика тармагында көптөгөн жылдар эмгектенген инженер-экономист катары суроолоруңузга кыскача жооп берейин.
Сиз айткан оор жагдайга туш келгенибизге, элдин электр энергиясын анын өздүк наркынан да ылдыйкы баага сатып алгандыгы, ал эми тармакты башкаргандардын элге рынок шартын түшүндүрүп, эрктүү, максатка ылайык мамлекеттик саясатты жүргүзө албагандыгы болду деген ишеничтемин.
Келе жаткан кышка даярдык көрүү дегендик – үй жылытуу менен тамак бышырууну электр энергиясы менен ишке ашырам деген жеңил ойго берилбей, ушул эки максатта көмүр, жыгач, газ жана ушул сыяктуу энергия булактарын колдонууга алдын ала даярдануубуз абзел. Эл ичинде биз да барбыз, өз камымды көрүп жатам, буюрса.

Чоробай Акунов, коомдук ишмер:
-- Чынында эле кубаттуулук энергосистемада тартыш. 2011-жылга караганда аба чубалгы жана подстанциялардын абалы жакшы. Билсеңиздер, 2011-2012-жылы кыш мезгилинде энергосистемада перегруз болуп, өчүрүүлөр көп болгон. Энергосистемада аябай кыйын абал түзүлгөн эле. 30 жыл ичинде кубаттуулук жетишет деп жатып ушул абалга келдик. “Эмне үчүн?” деген суроо туулат. Тариф маселеси 30 жылда саясат болуп калган. Жаңы ГЭСтер курулган жок. Керектөөчүлөр көбөйдү. Эки жылдан бери электроэнергияны тыштан (Казакстан, Түркмөнстан, Өзбекстан) алып келип жатабыз. Мамлекет азыр гана энергетикага көңүл бурууда. Ооба, энергия тартыш болгондуктан кандайдыр бир чектөөлөр болот, бирок системалык өчүрүүлөр болбойт. Бизде генерация тартыш болгону менен электр түйүндөр туруктуу иштей алат.











