Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү үчүн жалпы элдик референдумга чакырам!

Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү үчүн жалпы элдик референдумга чакырам!

08-февраль, 18:56
1 905 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Жарандык активист Тыныбек Мейменалиев азыркыдан таптакыр башка шайлоо системасын киргизүүнү көздөп, “Кыргыз Республикасынын Конституциясына эң маанилүү өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча” жалпы элдик референдумга добуш берүүгө чакырып, кайрылуу жолдоп отурат.


Кытайдын Эксимбанкына 1 млрд. 712 млн. доллар карызыбыз бар

Кыргызстандын тышкы карызы былтыркы жылдын октябрь айында 4 млрд. 530 млн. доллардан ашыптыр! Анын ичинен эң чоң, жарымына барып калган бөлүгү – Кытайдын “Экспорт-импорт” банкына 1 млрд. 712 млн. доллар карызыбыз бар экен. Кошуна Тажикстан Кытай алдындагы карызын жабыш үчүн былтыр Кытайдын ТВЕА компаниясына Согдий облусундагы Жогорку Кумарг ири алтын кени бар жерин айласыз берип салды. Биздин тышкы карызыбыз ички жалпы продукциябыздын (ВВП) 53%ын түзүп, эң эле коркунучтуу деңгээлден ашыптыр. Жакында бул карыздарды жабыш үчүн биз же жерибиз, же кендерибиз, же жаратылыш байлыктарыбыз менен жапканга аргасыз болуп калышыбыз мүмкүн.

Биз мамлекеттик бийликтен үмүт үзбөй келатабыз, а бирок сонун эле билебиз: канча жылдан бери эл өзүн-өзү багып келе жатат. Анысы аз келгенсип, бийлик эл аркылуу багылып жүрөт, уялбай! Ошондой эле өлкөбүздү каптап калган коррупциянын деңгээлин да сонун билебиз! Беш жашар балага деле белгилүү болуп калды: бийликке ар кандай жолдор менен жалаң байлар жана коррупционерлер отуруп калды, элдин көйгөйлөрү аларды таптакыр кызыктырбайт. Алар жалаң өз кызыкчылыктарын алдыга коюп, үй-бүлөлүк жана кландык бизнестерин коргонуу үчүн келишкен! 


Коррупционерлердин арифметикасы

Коррупционерлердин арифметикасы эң жөнөкөй: “Партиянын лидеринен очойгон акчага болсо да депутаттык мандатты сатып алып (кол тийбестик бар), алты жыл ичинде короткон акчаларымды элдин казынасынан жүз, миң эсе кайтарып алам” дейт. “Мамлекеттик казына чоң, андан кемип кейтпейт, а мокок элибиз далайды көргөн, чыдамкай, бири өлүп, бири калсын, мага баары бир” дешет алар, тууганым! Кускуң келет, ушул байлыкка тойбогон мырзалар коррупцияга матырылып, “биз элитабыз, аристократпыз” деп, кечээ эле элдин арасынан чыккандарын унутуп, казынаны тоношуп, “эл билбейт” дешет. 

Мейли, карапайым элди алдадыңар, мейли, өз абийириңди саттыңар, арам акчага аялыңарды жана балдарыңарды багып жүрөсүңөр, а бирок үстүбүздө Кудай бар, аны алдай албайсың да. Баарыбыз анын алдына барабыз.


Олигарх, коррупционерлерден кутулуу жолу

Эгер биз дагы бир жолу Жогорку Кеңешке өткөндөгүдөй партиялык тизмелер менен шайласак, анда бийликке ушул эле олигархтар жана коррупционерлер келип, Акүйгө таптакыр эле тамыр жайып алышат. 

Менин атым Тыныбек Мейманалиев, Сагынбектин уулу болом, мен жазуучу жана мугалиммин. Кадимки эл катары үй-бүлөм, балдарым, неберелерим чоңоюп келе жатышат. Мен деле жылуу иш бөлмөмдө ысык чай ичип коюп, китептеримди жаза берсем болмок, бирок келечек муунга мураска кандай мамлекетибизди калтырабыз? Жан ооруйт. Улуу акыныбыз Алыкул Осмонов ыйлап жазгандай, Ата журтту караңгыда балээ басып келатса, жаның кашайыпкейип, элиң үчүн айла издеп, “жол карайт” экенсиң да! Биз үчүн ал балээ – коррупция!

Өлкөбүздүн жараны катары, Кыргызстаныбыздын өнүгүүсү үчүн, урматтуу замандаш, сизди, укугубузду колдонуп, “Кыргыз Республикасынын Конституциясына эң маанилүү өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча” жалпы элдик референдумга добушуңузду берүүгө чакырам!


Референдумга коюла турган төрт маселе:

1Жогорку Кеңешке партиялык тизмелер менен шайлана турган системаны жоюп салуу. Ар бир округдан эл шайлаган бир депутат (мажоритардык система – “легендарлуу парламент” шайлагандай) мыйзам кабыл алыш керек. Начар иштесе, ар бир район өзүнүн депутатын чакырып, отчёт талап кылып, керек болсо мандаттын да алып салууга укуктуу. Ошондо жергиликтүү калктын ой-кыялы басымдуу түрдө аткарылат. Азыркы 120 депутаттын кимисине кайрыларды билбейсиң, “мен сени тааныбайм, мен партиядан келгем” дейт. Болду, иш тамам!

2. Жогорку Кеңештин бүт депутаттарынын кол тийбестик статусун жоюп салуу. Буга комментарийдин да кажети жок!

3. Жаңы парламенттин курамын азыркы 120нын ордуна 80 депутатты түзүү, бекитүү. Бул да комментарийсиз түшүнүктүү!

4. Премьер-министрдин институтун аппараты менен кошо жоюп салуу. Өкмөттү президент өзү башкарсын дагы, эл алдында өзү жооп берсин. Өлкөбүздө жашап аткан 3,5-4 млн. калк үчүн башкаруу аппараттар абдан чоң да, көп да: үч байкуш иштейт, а бешөө башкарат.


Кыргызстандын өнүгүшү үчүн, балдарыбыздын татыктуу жашоосу үчүн бириксек, колдон келет!

Азыркы бийлик “мындай референдумга акча жок” деши мүмкүн, анда өкмөттү дагы бир жолу шерменде кылып, каражатты элден чогулталы.

Убакыт абдан аз! Күзгү шайлоого чейин өтө маанилүү референдумду өткөргөнгө үлгүрүшүбүз керек. Башка жолдор кыйроого жана коомдук зилзалаларга алып келиши мүмкүн!

Конституциянын накта ээси – эл өзү. Байлар келет-кетет, эл калат. Ошондуктан негизги мыйзамыбыз партократтардын топторун эмес, элдин кызыкчылыктарын коргошу керек. Бийликке элдин ичинен чыккан татыктуу чынчыл инсандарга жол ачалы. Эл андай инсандарга бай.

Революциялардан эч пайда жок: кан төгүлүп, карапайым калк өлүмгө учурап, мародёрлук, рейдерлик басып алуу, бир мафияны куусаң, үчөө келет. Ар революция сайын өлкөбүз 20-30 жылга артка урап атат. Бизге андай жолдун кереги жок! Алданбайбыз!

Бийликтин атайын кызматтарына кайрылайын: бизди издеп убара болбогула! Вотсап номерим: 0777-56-15-62, чакыргыла, барып, суроолоруңарга алыбыз жетишинче жооп беребиз. Биз ак ниет инсандар менен кызматташууга даярбыз! Азырынча электрондук дарегибиз: meimanalievt @ gmail.com 

Биз прогрессивдүү эволюция жолу менен жүрүшүбүз зарыл. Мыйзам боюнча бийликтен референдум талап кылыш үчүн элден 68 миң кол топтошубуз керек экен. Бул маанилүү жумушту биз үчүн башка эч ким жасап бербейт, үлгүрүшүбүз керек, жардам сурайбыз! Кыргызстандын өнүгүшү үчүн, балдарыбыздын татыктуу жашоосу үчүн бириксек, колдон келет!

Ак жол тилейли! Жараткан Алла Таалабыз колдосун!


Тыныбек Мейманалиев

 "Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер