Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Турарбек Рыскулбеков: “Өмүр аяктап баратканда мамлекеттик жогорку наам жашоого кичине стимул болот эле...”

Турарбек Рыскулбеков: “Өмүр аяктап баратканда мамлекеттик жогорку наам жашоого кичине стимул болот эле...”

16-ноябрь, 13:25
2 007 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Турарбек Рыскулбеков – театр жана кино актёру, КР театр өнөрүнүн өнүгүшүнө эмгек сиңирген ишмер. Агабыз быйыл 82 жашта, баскан-турганы тың. Өмүр бою кыргыз маданиятына эмгегин аябай кызмат кылды. Алгачкылардан болуп 1963-жылы Ташкент шаарындагы А.Н.Островский атындагы театр-көркөм институтун аяктаган. Ошол эле жылы Нарын музыкалуу драма театрында эмгек жолун баштаган. Алгачкы ролу “Эңсеген менин обонум” (Ч.Айтматов “Жамийла”) спектаклинде башкы каарман Сейиттин ролун жараткан.  Белгилүү драматург Токтоболот Абдумомунов менен бирге 10 жылдай тыгыз иштешкен жана шакирти болгон.  “Кызыл жолук жалжалымда” Кемел, “Портретте” Кайрат, “Ай тутулган түндө” Акийгет, “Курманбекте” Эдил, “Ажал ордунда” Максүт, “Атанын баласында” Шыйкымбайдын ж.б. көптөгөн мыкты ролдорду жараткан. 1977-жылы Турарбек агабыздын демилгеси менен 600 орундуу Нарын музыкалуу драма театры курулган. Эң кызыгы, кыргыз маданиятында ат көтөргүс кызмат кылып “эмгек сиңирген” же “эл артисти” деген наамдар бу адамда жоктугу жеке мени кызыктырды. Бу боюнча Турарбек агабыздын өз оозунан угуп көрөлү дедик.

-- Турарбек ага, Нарын музыкалуу драма театрынын имаратын курууну сиз демилгепсиз, туурабы?

-- Ташкенттеги Островский атындагы театр-көркөм институтун 1963-жылы аяктагандан кийин Нарын драма театрында иштеп калдым. Эч бир имарат жок эле көбүнчөсүн эл-жер кыдырып оюн коюп жүрдүк. Ошон үчүн биздин театрды “Дөңгөлөктүн үстүндөгү театр” деп келишкен. 1972-жылы Кыргызстан Компартиясынын биринчи катчысы Турдакун Усубалиевге кайрылып, “биздин Нарын шаарына драма театрына имарат керек” десем эле а киши “жок” дебеди. Ошол эле жылы курулушу башталып, 1977-жылы бүткөн. Анда мен театрдын директору кызматын аркалап калгам.

-- Ага чейин спектаклдерде ролдорду ойнодуңуз да? Биринчи ролуңуз?

-- 1963-жылы Чыңгыз Айтматовдун “Жамийла” повестинен алынган “Эңсеген менин обонум” аттуу спектаклде Сейиттин ролун ойноп, образын ачып бергем. Айтматовдун “Жамийласын” эң биринчи болуп биз алып чыкканбыз. Андан кийин Чыңгыздын чыгармалары театрларда коюлуп кетти.   

-- Ал кезде кыргызга белгилүү актёрлордун кимиси менен иштешип калдыңыз?

-- Бакирдин Алиев, Кеңеш Курманалиева, Капар Медетбеков, Сагыйпа Чечейбаева, Алиман Жангорозова жана агездеги жаш актёрлор – азыркы “эл артисттери” менен иштешип калдым. 

-- Театрда канча иштедиңиз?

-- Чынын айтыш керек, баш-аягы 17 жыл иштедим. Анын жети жылын актёр, он жылын жетекчи болуп. 

-- Турарбек ага, белгилүү драматург Токтоболот Абдумомуновдун шакиртисиз. А киши менен кандайча иштешип калгансыз?

-- Бизде “Театр коому” деген бар эле. Токтоболот байкем директор болуп турганда келип, а кишинин орун басарлык кызматында 9 жыл иштедим. Ошондо театрдын ишмердүүлүгүн көтөрүүдө бир топ жакшы иштерди бирге кылдык. 

-- 20 жылга жакын иштепсиз, мамлекеттик мааниде наамдарыңыз жокко тете экен...

-- Агездеги Верховный Советтин Ардак грамотасы, Лениндин 100 жылдыгындагы медалым бар. Башка “эмгек сиңирген” же “эл артисти” деген наамдарым жок. Наамдарымды сурап калдың, ал мындай. Өзүм Нарын музыкалык драма театрынын директору болуп туруп, наамдардын баарын алып алуу деген уят нерсе эле. Кол алдымда иштеген актёрлорго колдон келишинче алып бергенге көмөктөштүм. Анан уятты көрбөдүкпү, элибиз эгемендикти алгандан кийин. Баары эле алып атышат. Менин колумда иштеп жүргөн кичинекей балдар алды. Ачыгын айтыш керек, “мага наам керек” деп өздөрү чуркап калбадыбы. Муну менен ичтардык кылып атканым жок. Болгону кылган эмгегим бааланып калса деген таризде айтып атам.

-- Пенсияңыз канча?

-- Эгер союз кезинде заслугаларды алып койгонумда, көп эле болмок экен. Учурда кошулуп отуруп он миңден ашык алам, ага деле шүгүр дейм. Өмүр аяктап баратканда кичине стимул болот экен, “эмгегим бааланды” деген. Ошол эле Кеңеш Курманалиева эжекеңер эмдигиче “эл артисти” наамын алалек. Өмүрүнүн 70 жылга жакынын театрга арнады, азыр деле жүрөт.     


Сурат Жылкычиев 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер