Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Жумуштан келип кечке телефон чукулайт. Ушул да жашообу?

Жумуштан келип кечке телефон чукулайт. Ушул да жашообу?

14-апрель, 18:51
1 065 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Өзүмдүн Москвада туруктуу жумушум бар эле. Балам жанымда, ойдогудай жашачумун. Тааныштарым аркылуу азыркы жолдошум менен таанышып калдым.  Менден 10 жаш улуу. Эки баласы бар. Келинчегинин  көзү өтүп кетиптир. Телефондон беш алты ай сүйлөшүп, балам менен келип турмушка чыктым. Чындыгында адамдын кандай экенин жашап көргөндө билет экенсиң. Балдары үйдө кечке телефон чукуп жатат. Өзү да жумуштан келери менен телефон колунан түшпөйт. Ушинтип жашоо өткөрмөй алар үчүн норма экен. Анын балдарына кошулуп менин да балам телефондо отурат. Эми буларды кантип өзгөртөм? Эки-үч ирет айттым. “Мындай жашоо болбойт, телефонду азыраак карап, жашоону жакшырталы” деген сөзүм ошол жерде эле калды. Баягы эле көрүнүш. Эми кандай кылсам? 

Жыпара 
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер