Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Кара-Суу РИИБ начальниги Тилек Өмүралиевди өздүк курам кабыл албай атабы?

Кара-Суу РИИБ начальниги Тилек Өмүралиевди өздүк курам кабыл албай атабы?

09-январь, 19:30
730 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Беш жүз миң калкы бар Кара-Суу району милициянын начальнигине жарыбай койду. Ротациянын шылтоосу менен Чүйдөн барган РИИБ башчысы Тилек Өмүралиевдин аракети дегеле байкалбайт. Көп учурда кабинетте эле отурганы кызык, эл кыдырып, көйгөйлөрдү ичкериден билүүгө ашыкпайт экен. Калктын саны көп болгонго жараша кылмыштуулук, кырдыбычак окуялар байма-бай катталып турган Кара-Суу районуна мындай кайдыгерлик жасасак, аягы кандай тамамдалат? Өздүк курам астында Тилек Өмүралиевдин кадыр-баркы жок, көпчүлүк укпай атканы эмнеден кабар берет? “Ооруну жашырса, өлүм ашкере кылат” демекчи, бул чала кадрдын ордуна жүүнү тирүү милицянын полковниги келбесе, эртең баш чайкап каласыңар. Кара-Суу РИИБдеги өздүк булагыбыз аныгын айтууда, дал ушундай өкүнүчтүү кырдаал түзүлүп атыптыр...

Эске сала кетсек, 2016-жылы Тилек Өмүралиевди Ленин районуна ГОМдун начальниги кылса, иштей албай айдалыптыр. Кичинекей мекемени башкара албаган кадр эли жыш жайгашкан Кара-Сууну кантип тескейт? Олуттуу суроо да. 


"Азия Ньюс" гезити


Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер