Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Кундузбек Сулайманов, ЖК депутаты: “Шамалды-Сайга мамлекеттен акча бөлүнбөй калды”

Кундузбек Сулайманов, ЖК депутаты: “Шамалды-Сайга мамлекеттен акча бөлүнбөй калды”

07-июнь, 22:50
470 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Кундузбек Кошалиевич, архитектура, курулуш жана коммуналдык чарба мамагенттигинин өкүлү менен топосъемка маселеси боюнча талашып-тартышып аттыңыздар. Ал канчалык маанилүү?

-- Топосъемка – курулуш жүрүп жатканда жердин астында кандай коммуникациялык курулуштар бар экенин аныктай турган нерсе. Ошондуктан, ал сөзсүз керек. Себеби, ар бир адам там салып атканда участогунун түзүлүшүн анык билип алганы жакшы да. Мисалы, сиздин участогуңуздан телефондун, же болбосо электрдин кабели өтүп калышы мүмкүн. Анан ошол жерден үзүлчү болсо, сиздин жериңизди казганга туура келет.

-Анда бул жөн эле бюрократиялык тосмо, же куру убаракерчилик эмес турбайбы?

-Жок, кайра курулуш баштагандарга жардам берип, аларды көп убаракерчиликтен, түйшүктөн арылтуучу нерсе. Андыктан, аны алып салган туура эмес. Эки-үч, атүгүл он эсе чыгым тартып калышы мүмкүн үй курган адам.

-- Бирок, агенттиктин өкүлү мыйзамдан алып салуу жөнүндө маселе жок деп айтпадыбы?

-Өткөндө бир коллегам бул жөн эле убаракерчилик, алып салыш керек деп сунуш киргизгенде, мен топографиялык съемка деген өзү эмне?” деп сурасам, бу жигит жооп бере албай койгон. Ошон үчүн мен бүгүн суроомду кайра бердим да.

-- Баса, Шамалды-Сай боюнча да маселе көтөрдүңүз эле, чечилип жатабы?

-- Бизде азыр облустук маанидеги эки шаар пайда болбодубу. Кант жана Кара-Балта шаарлары. Ал шаарларды өнүктүрүүгө бир миллиарддан ашык акча бөлүндү. Ал эми Шамалды-Сай райондук маанидеги шаар болуп, ага мамлекеттен акча бөлүнбөй калды. Бул шаар менин округума киргендигине байланыштуу, ага да каражат бөлүп бергиле (!) деп суранып атам. Ага деле каражат каралышы керек да.  


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер