Искендер Матраимов декларация боюнча түшүндүрмөсүн жарыялады
Мен декларацияларды толтурууга абдан олуттуу көңүл бурам жана дайыма баардык кирешелеримди көргөзүп келем. Андыктан журналисттердин жазгандары чындыкка туура келбей турганын билдирем жана ага төмөндөгүдөй түшүндүрмө берем:
1. «Автостолица» ЖЧКсы -- бул жакта жубайымдын 50% үлүшү бар. Алардын акциялары декларацияда: “Башка мүлк. Акциялар” деген бөлүмдө жазылган. Журналисттер бир нерсе айтуудан мурда, айткан сөздөрүн текшерүүсүн суранам.
2. «Ош-Плаза» ЖЧКсы 2017-жылы катталган. Тилекке каршы, ал активдүү иш алып бара албагандыгына байланыштуу бир жыл мурда аны жабуу боюнча салык органдарына кат жөнөтүлүп, ишмердүүлүгүн токтотуу боюнча процесс жүрүп жатат.
3. «Пальма жана К» ЖЧКсын менин жубайым 2007-жылы ачып, кийин 2012-жылы ишмердүүлүгүн токтоткон. Азыр биз юстиция министрлигинин онлайн базасын карап чыксак, ал жакта эски маалыматтар жазылып туруптур. Ошондуктан журналисттерди интернеттен алган маалыматтарды коомчулукка чыгарардан мурда тактап алышын суранат элем. Маалыматты бир жактуу кылып, мага дагы кайрылып тактабай туруп жарыялашкан.
(ЖК депутаты Искендер Матраимовдун Фейсбуктагы баракчасынан алынды)