Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Аида Исатбек кызы, ЖК депутаты: “Бизге 12 жылдык билим берүү системасынын кереги жок”

Аида Исатбек кызы, ЖК депутаты: “Бизге 12 жылдык билим берүү системасынын кереги жок”

11-март, 00:33
728 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Аида айым, азыр 12 жылдык билим берүү системасына өтүү боюнча маселе кызуу талкууга алынууда. Бул боюнча сиздин көз карашыңыз кандай?

-- Эсиңиздерде болсо керек, ал мыйзам долбоору жаңыдан даярдалып, бизге алып келишкенде өзүбүздүн пикирибизди айтканбыз. Аябай кызуу талкуу жаралган. Биз азырынча 12 жылдык билим берүүгө даяр эмеспиз деген пикирлер айтылган. Кошуна казактардын эле тажрыйбасын алсак, алар 12 жылдык билим берүүгө өтүш үчүн он жыл даярданышыптыр. Биздикилер болсо арыдан-бери эле өтө коюшмакчы. Догдуркүл Шаршеевнанын өзүнүн көз карашы бар экен, негизинен Малайзияны мисалга тартып атат. Бирок, ал бизде кантип ишке ашат? Айталы, азыр 1-3-класста окуп жаткан балдар келерки окуу жылы кайсы класска отурушат? Төртүнчүгөбү же бешинчигеби? Муну билим берүү тармагындагылар өздөрү билишпейт. Комитеттеги талкуу учурунда Догдуркул Шаршеевна 12 жылдык билим берүүнүн бир артыкчылыгы катары “биздин балдар чет өлкөгө окууга барышса, сааттагы айырма болбойт” деп айтты эле. Бирок, биздин бүтүрүүчүлөрдүн болгону 10-15 пайызы эле чет өлкөлөргө барып окушат. Анан калса, сааттардагы айырмага төлөнчү каражат өтө деле чоң акча эмес. Ар бир сааттыкы 150-200 евронун тегерегинде экен. Аны төлөп коюп, окуй беришсе болот. Ошентип эле окуп атышпайбы биздин балдар. 

-- “Этап-этабы менен өтүш керек” деген да сунуштар айтылууда...

-- Антсе болот. Бирок, менин жеке пикиримде, бизге 12 жылдык билим берүү системасынын кереги деле жок. Жогорку класстын балдарын тартипке сала албай жатабыз. Акыркы эле айлардагы статистиканы алып карасак, 13 бала өз өмүрүнө кол салып, 6 бала ур-токмокко, рэкетчиликке кабылган. Мектептерде класстар, парталар жетишпейт. Окуучулар үч смендеп окушат. Адегенде ошондой маселелерди чечиш керек да. 

-Өзүңүз статистиканы келтирбедиңизби, мындай кейиштүү көрүнүштөрдүн себеби эмнеде болушу мүмкүн?

-- Мунун көп себептери болушу мүмкүн. Мен эмки комитетте ведомстволор аралык комиссия түзүү боюнча сунуш берейин деп жатам. Ага ИИМдин, саламаттыкты сактоо, билим берүү министрликтеринин, акыйкатчынын, мэриянын өкүлдөрү, шаардык кеңештин депутаттары (себеби, балдар ур-токмокко алынган фактылар көбүнчө шаарда болуп жатпайбы) кирсин. Эмне себептен мындай болуп жатканын биз терең анализдеп чыгышыбыз керек. Көп мектепте психологдор, күзөтчүлөр жок. Күзөтчүлөр жок болгонуна байланыштуу балдар өз каалаганын кылып, ажатканаларда бири-бирин токмоктошууда. Азыр ар бир балада телефон бар. Тиги сонун тамак жеп, машина минип, чет өлкөгө барып эс алат экен, а менде андай мүмкүнчүлүк жок” деп балдар депрессия болгон да фактылар кездешет. Эң башкысы, биздин ата-энелердин да күнөөсү бар. Иш менен, күнүмдүк оокат менен алек болуп, балдарга жетиштүү көңүл бурбай жатабыз. 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер