Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Омбу-домбу Райымкулов кошоматтанып атып, канча кожоюнду алмаштырды?

Омбу-домбу Райымкулов кошоматтанып атып, канча кожоюнду алмаштырды?

19-ноябрь, 12:31
649 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

2015-жылы “Республика – Ата-Журт” партиясынан Бактыбек Райымкулов депутат болуп, Өмүрбек Бабановду сатып, Алмазбек Атамбаев жакка ооп кетет, андан Сооронбай Жээнбековдун командасына өтүп, Кой-Таш боюнча комиссиянын орун басарлыгына шайланып, элдин үнүн бурмалоого далалат кылганы, натыйжада, чүйлүктөргө жаман көрүнгөнү эсибизде. Ортодон бейөкмөтчүлөрдү кысымга ала турган мыйзамдын демилгечиси боло коюп, демократиялык баалуулуктарга шек келтирген. Ошол эле кезде Камчыбек Ташиевге акаарат келтирип, бийликке таянуу менен ага каршы омбу-домбусунан опурулуп алып, кайра коркуп кеткени эсибизде... Өткөн парламенттик шайлоодо бул эргул Искендер Матраимовдун гумжардамдарын өчүрөңдөй таратып жүрүп, “Мекеним Кыргызстан” партиясынан депутаттыкка аттанат. Төңкөрүш болуп кеткенден кийин 180 градуска бурулуп, жаңы бийликке жагалданып, тердей-кургай чуркап, Канатбек Исаевге каршы депутаттардын колун топтогону акыл-эстүү адамдарды баш чайкатыптыр. Учурда Садыр Жапаровдун колтугуна толук кандуу кире албай, бушайман жеп жүргөн чагы экен. Аз убакытта эле бир канча кожоюндарды алмаштырган Райымкулов принциби жок, күч каякта болсо ошол жактын “кол жоолугуна” айланган бечара катары таанылды. Жигиттик намыс, туруктуу көз карашты карманууга деңгээли жетпегени ушулбу? Мындайларды “дүжүр” катары таасирдүү күчтөр пайдалана беришет, баркын билишпейт эмеспи. Керексиз учурда ыргытып салышат. Кыскасы, Бактыбек койташтыктарга каршы чыгуу менен чүйлүктөргө бир жаман көрүнсө, эми Исаевге бузукулук жасоо иретинде экинчи жолу жек көрүнүүдө...


 "Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер