Сокени кечирген меценант Рустам Мамановдун айкөлдүгү
Алмазбек Атамбаевдин аркасы менен Сооронбай Жээнбеков бийликке жетип алып, кылбаганды кылганына кыргыз эли күбө болбодубу. Кайсы бирин санайлы? Ошондой жоруктарынын бирине токтололу. Сокенин жанжөөкөрлөрү убагында меценант Рустам Мамановду камашып, эмне боюнча экени коомчулукка анчейин ачыкталбай, айтор, кордук көрсөтүшкөнү тар чөйрөдө айтылып жүрөт. Түрмөгө түшкөн адам жыргайбы? Ак жүрөк, эч кимдин көңүлүн оорутпаган Рустам мырза камактан кыйла эле моралдык-психологиялык жактан жабыр тартыптыр. Бирок духу күчтүү жигит эмеспи, эркиндикке демдүү чыкканы эсибизде. “Сокеден өч алам, көрсөтөм!” деп жүргөнүн укканбыз. Кызыгы, жаңы жылдан кийин Рустам Маманов артта калган жаманчылыкты сууга салып (!) дегендей, Сооронбай Жээнбековду кечиргенин, кектебей эле андан бийик турууну эп көргөнүн эшиттик. Азамат! “Эр жигиттин ичине ээр токумчан ат батат” деген ушул да. А болбосо “экс-президент” аты бар пендебиз качанкыга чейин жүрөкзаада болуп жүрөт эле? Ырас эле кылыптыр. Колун шилтеп...
"Азия Ньюс" гезити