Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » “Бийликтин кетирип жаткан каталары толтура...”

“Бийликтин кетирип жаткан каталары толтура...”

01-ноябрь, 19:54
2 854 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Бийликке реалдуу сын-пикирлер айтылса, дароо кошоматчылар менен фейктер ыкчам реакция кылышканы кандай? Азыр өлкөдө саясый кырдаалга байланыштуу кандайдыр бир коркунучтар барбы?

Төлөгөн Келдибаев, саясат талдоочу: 

-- Бийликке реалдуу сын-пикирлер деле айтылбай калды. “Оппозициямын” деген кээ бирлери бийликке катуу сын айта албай, ажаан аялдардай эле сүйлөп калышты. Бул дагы саясый лидер болуп калыптанбагандын белгиси. Бийликтин кетирип жаткан каталары толтура, алардын укукка каршы келерин айтса болот да. Ал үчүн изденип, адистердин кеңешин пайдалануу керек. Биз оппозиция болуштун, бийликти сындаштын маданиятын Европадан үйрөнгөнүбүз оң. Шайлоолорубузда да талапкерлер бири-бирин жамандап, же добуш сатып алып, элди бөлүп-жарып, интрига жасап, теледебаттар да катындардын деңгээлинде өтөт. Бийликте билими, акыл көрөңгөсү төп келбегендер көп болсо, аларга каршы болгон оппозициянын деңгээли да андан ашпайт. Кыргызстан 30 жылда бийликке келе турган кадр даярдаган жок, ууру-кески, ачкөз, кошоматчы, бирөөнүн арты менен жан баккан, сабатсыз, жөндөмсүз, билимсиз саясатчылар өсүп чыкты. Алар менен Кыргызстанда Малайзия же Сингапур, Тайвандай өнүккөн мамлекет кура албайбыз.

Мамлекет болгондон кийин УКМК тарабынан бир топ маалыматтар Акүйгө жана тийиштүү жооптуу кызмат адамдарына жетип турат. Ошол алынган маалыматтарга карата иш-аракеттер бийлик тараптан болушу керек. Стратегиялык институтту азыркы бийлик пайдаланбай калгандай сезилет. Анткени бийлик кандайдыр бир иш-аракет жүргүзүүдөн мурун мыйзам долбоору, президенттин жарлыгы же министрлер кабинетинин токтомунун долбоору даярдалып жатканда стратегиялык институттун корутундусун алышса негиздүү болмок. Себеби, кабыл алынып жаткан мыйзам, президенттин жарлыгы же министрлер кабинетинин токтому бүткүл өлкө боюнча аткарыла турган ченемдик-укуктук акты болуп эсептелет.

2020-жылы Сооронбай Жээнбеков президент болуп турган мезгилде айланасында өлкөдөгү саясый кырдаалга баа бере турган жана ал кризис, кырдаалдан чыгарып кете турган кадыр-барктуу, көрөгөч, стратег саясатчы адам жок болгон. Тактап айтканда, 2020-жылы 6-октябрда митингдер башталып кетти. Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков, өкмөт башчы Кубатбек Боронов, ички иштер министри Кашкар Жунушалиев, УКМК төрагасы Орозбек Опумбаев жана башка бир топ чиновниктер кызматтарынан баш тартышты. Өлкөдөгү нааразычылык акциялар жана саясый кырдаалдарга Сооронбай Жээнбековдун командасы үч күнгө туруштук бере алышпай, баары кызматтарынан кетүүгө аргасыз болушту. Азыркы бийлик да ошондой кемчиликтерге жол бербеши керек.

Бейшенбек Абдразаков, коомдук ишмер:

-- Бийликке реалдуу сын пикирлер айтылыш керек, ансыз болбойт. Коррупцияны, туура эмес иштерди, коомдогу болуп жаткан көйгөйлөрдү туура багытта айтып, жазыш керек. “Кыргызстан – демократиянын аралчасы” деген көп жылдык эмгектен коюлган аты бар, ошону жоготпой, түбөлүккө кармап калуу шарт. Буга чейин демократия аралчасы болуп келген, мындан кийин да боло берет. Анткени, биздин элдин канында эркиндик бар.

Бирок, бийликке кемчилигин айтканда бийлик тана албагандай, окуганда уялып калгандай кылып жазыш керек. Кыргыздын октон да катуу тийген сөздөрү бар. “Жакшы киши таап сүйлөйт, жаман киши каап сүйлөйт” дейт. Кээде кыйкырып-өкүрүп айткан сөзгө караганда, жылмайып күлүп туруп, жерге киргизе турган эки сөз айтып, ордуна коюп койсоң болот. 

Ал эми саясый кырдаалга байланыштуу коркунуч жок, анткени бүт багытта өсүп-өнүгүү болуп жатат, жолдор, мектеп, бала бакча, завод-фабрика, 30 жылда эл унуткан аэропорттор салынууда. Эгер ушулар салынбаса, саясый кырдаал оор болмок. 


 "Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер