Бакытбек Жумагулов: “Эл аралык уюмдар адвокаттардын, журналисттердин укуктары бузулганын айыпташууда”

Евразиянын стратегиялык изилдөөлөр борборунун директору, саясат талдоочу менен маек.
-- Президент Садыр Жапаров "Дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндө” мыйзамга кол койду. Муну колдогондор да, сындагандар да чыгууда. Бул маселе боюнча кандай пикирдесиз?
-- Негизинен дин тутуу боюнча мыйзам кабыл алгандан бери көп жыл өтсө да өзгөрүүлөр кирген эмес. Жашоо, коом алмашканына байланыштуу бул мыйзамды жаңылоо убактысы келди десек болот.
Мен аталган мыйзам менен тааныштым. Дин тутуу боюнча эч кандай чектөө жок экенине ынандым. Баардыгы өз ордунда эле калган экен. Болгону, диний үгүттү тартипке салуу боюнча коомдо түрдүү пикирлер айтылууда. Бири ар кимдин эшигин каккылагандарды айтып, тыйгандарды колдосо, экинчиси “диний үгүттү чектеди” деп капа болушууда.
-- Мындай мыйзамдар башка мамлекеттерде кандай?
-- Дин тармагындагыларды тартипке чакыруу аракети Кыргызстанда эле эмес, өнүккөн өлкөлөрдө дагы бар. Маселен, Германияда ушундай эле мыйзам иштейт. Ал жактагылар диний көз карашын каалаган жерде жайылта албайт. Негизи буга окшогон нерселерди ар кайсы агымдар жасашчу. Тагыраагы, ошолор көз караштарын, ой пикирлерин диний үгүт жолу менен таратышат эле. Мына ушул уюмдар диний үгүткө чектөө киргизип койгонуна нааразы болушу мүмкүн.
Кыргызстанда жалпысынан 80-90 пайыз салттуу ислам динин карманат. Негизи мыйзамга чектөө, өзгөртүүлөр киргени менен салттуу ислам динин тутунган мусулмандарга чектөө болгон жок. Ой пикирлерди каалаган жерде эмес, атайын диний имараттардын ичинде гана таркатуу зарылдыгы айтылды. Христианбы, мусулмандарбы, баптисттер болобу, имараттардын айланасында гана өздөрүнүн көз караштарын айта алышат. Мурункудай болуп, каалаган жерде үгүттөй алышпайт.
-- Акыркы мезгилде сөз эркиндиги чектелип, адам укуктары көбүрөөк бузулуп жаткан жокпу?
-- Бул маселеде эки жактуу позиция каралууда. Бийлик тараптагылар “эч кандай сөз эркиндиги чектелбейт, адамдардын укуктары бузулган жок” деген позицияны айтышууда. Бул боюнча президент, пресс-катчылар да, кээ бир мамлекеттик органдардын жетекчилери да айтып жатышат. Бирок, эл аралык уюмдар адвокаттардын, журналисттердин укуктарынын бузулушу боюнча айыпташууда.
"Азия Ньюс" гезити