Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » 2021-жылы социалдык объектилерди кайтаруу боюнча Жайыл районунун прокуратурасынын ишинин жыйынтыгы

2021-жылы социалдык объектилерди кайтаруу боюнча Жайыл районунун прокуратурасынын ишинин жыйынтыгы

25-май, 21:32
653 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Аталган багытта 2021-жыл ичинде Жайыл районунун прокуратурасы тарабынан   текшерүүлөр жүргүзүлүп, мыйзам бузуулар аныкталып, жыйынтыгында ченемдик укуктук актыларынын бузулушун четтеттүү жөнүндө талап келтирилип, кароонун жыйынтыгы менен 2 млн. 190 миң сомду түзгөн мүлк жергиликтүү өз алдынча башкаруу органына кайтарылган. Тактап айтканда, Кара-Балта шаарынын башкармалыгы тарабынан 2011-жылдын 22-апрелинде №86 токтому менен Кара-Балта шаарынын Т.Кожомбердиев көчөсүнүн 67-дарегинде жайгашкан Жайыл районунун аймактык ооруканасына караштуу стерилдөө имараты Р.А. аттуу жаранга 2013-жылдын 31-декабрына чейин кийинки сатып алуу шарты менен ижарага берилген, андан кийин 2011-жылдын 15-июлунда Кара-Балта шаарынын башкармалыгы 175 сандуу токтому менен жогоруда көрсөтүлгөн №86 токтому жокко чыгарып, аталган имаратты Р.А. аттуу жарандын жеке менчигине өткөрүп берген.

Райондук прокуратура тарабынан аталган токтомдорду жокко чыгаруу жана муниципалдык менчикке кайтаруу максатында райондук прокуратура тарабынан Чүй облусунун райондор аралык сотуна доо арыз келтирилген. Чүй облусунун райондор аралык соту прокуратура тарабынан келтирилген доо арыз толугу менен канааттандырылган. Андан соң, Чүй облустук сотунун административдик жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясынын аныктамасы менен жогорудагы Чүй облусунун райондор аралык соттун чечими өзгөртүүсүз күчүндө калтырылган.

Ал эми Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун токтомуна ылайык, Чүй облусунун райондор аралык сотунун чечими жана Чүй облустук сотунун административдик жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясынын аныктамасы өзгөртүүсүз күчүндө калтырылган. 

2021-жылдын 25-мартында жогоруда аталган имарат «Центр оценки «Славянский Восток» ЖЧКнын корутундусу менен 2 млн. 190 миң сомго бааланып, райондук прокуратура тарабынан Кара-Балта шаарынын мэриясына караштуу мүлккө муниципалдык менчик бөлүмүнө ченемдик укуктук актыларынын бузулушун четтетүү жөнүндө талап прокурордук актысы келтирилип, баланстык баасы 2 млн. 190 миң сомду түзгөн Жайыл районунун аймактык ооруканасына караштуу стерилдөө имараты толугу менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы Кара-Балта шаарынын мэриясынын менчигине толугу менен кайтарылган. Аталган багытта тийиштүү иш-чаралар уюштурулууда.

М.МАМБЕТОВ, Жайыл районунун прокурорунун орун басары, апрель айы

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер