Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Бүгүн өлкөдөгү мечиттерде Россиядагы кырсыкта каза болгондорго багышталып куран окулат

Бүгүн өлкөдөгү мечиттерде Россиядагы кырсыкта каза болгондорго багышталып куран окулат

23-август, 11:50
343 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Бүгүн, 23-августта Россиядагы каргашалуу жол кырсыгынан каза болгон 14 мекендешибизге багышталып куран окулат. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын басма сөз кызматы кабарлады.

“Өлкө аймагындагы мечиттерде бешим намазынан кийин жол кырсыгынан көз жумган мекендештерибиздин рухтарына багышталып куран окулат. Ал эми муфтий Замир кары Ракиев 13:30да ордо калаабыздагы эски борбордук мечитте дин кызматкерлери тарабынан окулган хатм куранды маркумдарга багыштап дуба кылмакчы” деп айтылат маалыматта.

21-август күнү Ульяновск облусунда жол кырсыгы катталып, 16 адам каза болду. Алардын ичинен 14ү кыргыз жараны. Мындан тышкары дагы 3 кыргыз жараны (эки эркек, бир аял киши)ооруканага түшкөн. Маркумдардын сөөгү бүгүн болжол менен саат 18:00дө атайын борт менен Кыргызстанга алынып келинет.
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер