Күйөөмдү биринчи аялы дубалатып алдыбы? Азапка салууда...
Мен жолдошумдун экинчи аялымын, өзүмдүн биринчи турмушум. Ажырашканына 18 жыл болду. Биздин баш кошконубузга 16 жыл толду. Биринчи аялы бир кызы менен кеткен. Жакындан бери ошонусу чалып, азгырып, көп нерселерди жазып жатат. Байкап калганымда жолдошуман сурайм, “эмне керек экен?” десем, “кызым ооруптур” деп ж.б. шылтоолорду айтып, “ошого чалып атат” деген. Дагы жазды, “эмне болду?” десем, жаш балага жомок айткандай мени алдап жатканы белгилүү болду. Экөөнүн мамилеси күн санап тереңдеп бара жаткандай. Канча кыйналган убакытты артта калтырып, жашообуз эми оңоло баштаганда карачы?.. 16 жылда сабырдуулук менен зорго жакшы күндөргө жеттик. Эми мени каралаганына капамын. Бир жыл чыдабай ит-мышык болуп ажырашып кетишкен, эми керек болушуптур бири бирине. Эмне пландап жүрүшкөнү мага белгисиз. Экөөнүн сөзү эки бөлөк чыкты. Ал аялды негизи “чымыны бар” деп айтышчу айылда. Күйөөмдү дубалатып алдыбы? Ушундан корком. Азапка салууда...
Алия
"Азия Ньюс" гезити