Бакыт Мамытканов: “Айыл чарба тармагынын мүмкүнчүлүгү кенен, бирок министрликтин эл менен иши жок”
-- Быйыл суунун тартыштыгы өзгөчө байкалып, тоюттун баасы дагы өсүп кетти. Мындан ары кандай болот? Тоютту жетиштирүү, анын баасын түшүрүү шарттары барбы?
-- Буудай, арпаны жыйнап алган талааларга кайрадан үрөн сепсе болот. Ал күзгө чейин дүмбүл болуп калат. Анан күзүндө аны чаап алып, көк чөп катары колдонсо болот. Азыр эл арасында ушул методду колдонуп аткандар бар экен. Баткенде пияз эгилген жерге жүгөрү эгип коюшуптур. Эми аны күздө жыйнап алышса, тоют ордуна колдонула берет.
-- Азык-түлүккө болгон баалар дагы өтө эле өсүп кетпедиби. Анын себеби өзүбүздөн өндүрүлбөгөнүнө да байланыштуу болууда. Негизи эле азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу маанилүүбү? Анын жолдору кандай?
-- Албетте, маанилүү. Бирок биздин элде маалымат жетишсиз болгондуктан, айыл чарба тармагы аксап келет. Бизде 1 млн. 200 миң гектар сугат жери бар. Мүмкүнчүлүгүбүз кенен. Бирок, айыл чарба министрлиги менен элдин байланышы, катнашы жок болгондуктан, иш илгерилебейт. Салыштырып карасак, Голландияда болгону 900 миң гектар жер бар. Бирок, ал өлкө айыл чарба продукциясын экспорттоо боюнча дүйнөдө 2-орунда турат. Демек, мүмкүнчүлүктөрдү туура пайдалануу да мааниге ээ.
-- Суу тартыштык маселеси, мөңгүлөрдүн азайышы жылдан-жылга өсө берсе кандай болот? Буга карата мамлекеттик маанилүү иш-чаралар каралышы шартпы?
-- Сөзсүз. Жөнөкөй эле мисал: бак тигүүнү колго алыш керек. Акыркы жылдары өлкөбүздө унаалардын саны көбөйдү. “Сырттан киргизилип жаткан бир унаа үчүн 10 дарак отургузуу керек” деген чакырыктарды деле кармансак, чоң эле таасирин бермек. Жөнөкөй эле нымдуулукту, жер кыртышын кармоого, микроклиматты сактоого өбөлгө болмок. Ал эми микроклимат сакталып турса, мөңгүлөр көп эрибейт эле.
Мээрим Асанова
"Азия Ньюс" гезити