Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Султанбай Айжигитов: “Субподрядчиктердин соодалашусунан даяр акча иштетилбей турат”

Султанбай Айжигитов: “Субподрядчиктердин соодалашусунан даяр акча иштетилбей турат”

17-ноябрь, 19:52
430 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Султанбай Абдрашитович, Баткенге бөлүнгөн акчадан бизнес жасап жатышат дедиңиз. Мындай тыянак чыгарууңузга эмне негиз бар?

-- Мен тажиктер талкалап салган Капчыгай айылынын эле мисалында айтайын. Айылды кайра калыбына келтирүүгө акча бөлүнгөн. Андан тышкары, подрядчы да аныкталган. Бирок, подрядчик субподрядчикти алып атат. Субподрядчик дагы бир субподрядчик алып, алардын ортосунда соода жүрүүдө. Ошонун кесепетинен даяр акча иштетилбей турат. Алар соодалашып отуруп, иш калып калып атат. Ошол да бизнес. Алардын максаты кайра калыбына келтирүү эмес, акчаны өздөштүрүү.

-- Жөнөкөй кырдаал болгондо мейли эле, бирок азыркыдай шартта, жүздөгөн үй-бүлөлөр үй-жайсыз турганда  андайга жол берилбеши  керек го?

-- Албетте. Мүмкүнчүлүгүң барбы, каражатты алгын дагы, жумушту жаса. Мүмкүнчүлүгүң жокпу, анда аралашпай эле кой. Бул жерде баары аффилированный болуп жатат да. Мен “бизнес” деп айтып койдум, калганын өздөрү билет. Мен жөн эле сүйлөбөйм да. Чындап изилдеп келгенде баары бир ошого келет... 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер