Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Расул мырза жүздөгүн, миңдеген мекендештери үчүн эбегейсиз жакшылык жасап келет

Расул мырза жүздөгүн, миңдеген мекендештери үчүн эбегейсиз жакшылык жасап келет

30-май, 12:00
2 033 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Жакшылыктын кичинеси, чоңу болбойт. Адам көңүлүн көкөлөткөн кымындай эле жакшы кабар, жакшы мамиле, жылуу сөз. Же тескерисинче, кымындай эле жаман сөз көңүлдү чөгөрүп, жүрөктү оорутуп коюшу мүмкүн. Биз мындан ары гезитибиздин ар бир санында сөз кылып турмакчы болгон адамдар биздин эле арабызда жашашат, көпчүлүктөн эч өзгөчөлөнбөй, биз түшкөн троллейбуска түшүшөт, биз кирген дүкөндөн нан сатып алышат. Бирок, көпчүлүктөн алардын бир айырмачылыгы – күнүгө бирөөгө жакшылык кылып, бирөөнүн көңүлүн сүйүнткөндү өздөрүнө адат кылып алышкан. Тагыраагы, бул алардын турмуш образы болуп калган.


Расул Султангазиев

Расул хирург катары да сейрек кездешүүчү адис. Боорду, боор ооруларын изилдеген Кыргызстандагы саналуу илимпоздордун бири. Эң башкысы, боорду алмаштыруу боюнча биринчи операцияны ушул жигит жасаган. Мындай операциялар буга чейин чет өлкөлөрдө гана жасалып, өтө кымбат турарын эске алсак, Расул кыргыз эли үчүн, жүздөгүн, миңдеген карапайым мекендештери үчүн канчалык чоң иш жасаганы айтпаса деле түшүнүктүүдүр. КР президентине караштуу ден соолукту чыңдоо борборунда (атайын оорукана) мурда эч кандай операциялар жасалчу эмес. Бул жерде дарыланып жаткандардын кимдир бирөөсүнө операция жасаш керек болсо, башка ооруканаларга жиберишчү. Азыр болсо операциялардын дээрлик баары жасалып жатат. Мында да керектүү базаны түзүп, кесипкөй хирургдардын командасын жыйнай алган Расулдун эбегейсиз салымы бар.

Бирок менин айтайын дегеним, анын адамгерчилиги. Катардагы хирург кезинде кандай карапайым, кичипейил болсо, азыр оорукананын башкы врачы болгондон кийин деле ошол жөнөкөй мүнөзүнөн жазган жок. Улууга да, кичүүгө да, министрге да, карапайым пенсионерге да мамилеси бирдей. Ал үчүн майрам, демалыш да жок. Качан караба палаталарды кыдырып, бейтаптардын абалын сурап, кимдир бирөөнүн ден соолугу үчүн кам көрүп жатканын, ага ыраазы болуп, алкап жаткан кишилерди көрөсүң...

Колуң дарт көрбөсүн, иним! Ишиңди ар дайым ийгилик жылоолосун! 

Мамат Сабыров

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер