Акыркы кабарлар
» Коом » Москвада кафеден атып кеткен кыргызстандык жигиттин абалы оор
Москвада кафеден атып кеткен кыргызстандык жигиттин абалы оор
29-август, 16:39


Москвада октон жаракат алган кыргызстандыктын абалы оор.
Маалым болгондой, мекендешибиз оор абалда ооруканада дарыланып жатат.
Белгилей кетсек, 26-августка караган түнү Москванын Зеленоград районундагы кафелердин биринде кардарлар ортосунда жаңжал чыккан. Жаңжал учурунда шектүү ок атуучу куралдан ок чыгарып, андан соң качып кеткен. Анын кесепетинен Кыргызстандын жараны 1989-жылы туулган Х.Х.И. алган жараатынан ошол жерден каза болсо, дагы бир кыргызстандык К.Р.М. жаракат алып ооруканага жаткырылган.










