Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Мурат Боронов генерал-майорду алса, ИИМдин аброюна шек кетет

Мурат Боронов генерал-майорду алса, ИИМдин аброюна шек кетет

01-апрель, 09:30
1 617 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Баткен ОИИБ начальниги Мурат Бороновго Акүйдөн генерал-майорду бергени жатыптыр. Бул боюнча ишенимдүү булагыбыз билдирди. Таңгаласың. Кайсы эмгеги үчүн? Көрсө, кызыгың түшкүрдүн суу кечпеген бир логикасы ойноп кетиптир. Эгерде Бороновдун чин-даражасы көтөрүлсө, тажиктердин генералдары менен теңата сүйлөшүп, чек ара маселесин чечкенге салым кошот имиш. Ушу кантип болсун? Чобурга бапестеп жабуу жапканды элестетип кеттиңерби? Эрксизден баш чайкайсың да. Милициялар ичинде Мурат Боронов билими, тажрыйбасы начар, ортозаар кызматкер катары бааланат. Убагында Төрөбай Зулпукаров жердешчиликке салуу менен гана көтөрүп койгон. Анан калтасын толтуруп алыптыр, ошонун артынан эле сакталып келатат. Ал Баткенге барганы көзгө көрүнүктүү иш жасаган жок. Айдатма, эптеп гана жүрөт. Эгерде татыксыздарга генерал наамын тарата берсек, ИИМдин баркы тебеленип, күлкүгө калабыз гоАндан көрө Баткен ОИИБ начальнигине толгон генералдардын бирин тандап жөнөтсө не? Же элдин элегинен өткөн, ишбилги полковникти дайындап, мына ошого генерал-майорду бергиле! Андай кадр ИИМде бар. 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер