Акыркы кабарлар
» Саясат » Бишкектен Ысык-Көлгө чейин айдоочулар видеокөзөмөлдөн сырткары “ала таякчандарды” да тойгузабы?
Бишкектен Ысык-Көлгө чейин айдоочулар видеокөзөмөлдөн сырткары “ала таякчандарды” да тойгузабы?
23-июль, 12:00

Көпчүлүк нааразы... Бишкек шаарынан Ысык-Көлгө чейин жол кайгуул кызматкерлери арбын коюлганы, ылдамдыкка шылтоолошуп, айдоочулардан пара алып атышканы жалганбы? Бир жагынан “Акылдуу шаар” долбоорунун видеокөзөмөлдөрү аркылуу айып пулдар шагырап келип атса, эл нааразы болот да. “Бир ок менен эки коён аткандай”, карапайым калкыбыздын калтасын эки эселете кагып алуудан айбыгышпайбы? Бир да мамлекетте мындай көрүнүш жок. Эгерде жол көзөмөлдөгөн камералар орнотулса, анда “ала таякчандар” ышкыра чыга калышпайт. А бизде баары аралашып эле калды. Эптеп эле элдин жонунан кайыш тилүү менен чөнтөк толтурмайбы?
"Азия Ньюс" гезити