Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Атазов шайлоо жыйынтыгын тааныбай турганын билдирди

Атазов шайлоо жыйынтыгын тааныбай турганын билдирди

28-февраль, 12:04
463 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Бишкек шаарындагы Свердлов шайлоо округунан депутаттыкка талапкер болгон Шайлообек Атазов жана анын тарапташтары 27-февралда өткөн шайлоо жыйынтыгына нааразылык билдирип чыкты.

Атазов алдын-ала жыйынтыктар боюнча аталган округда жеңишке жеткен атаандашы Абдурахманхажи Муртазалиевди добуш сатып алууга айыптап жатат.

"Кечээ шайлоо таза өттү. Автоматташтырылган эсептөө системасына, серверге эч кандай кинебиз жок. Бардыгы мыйзам чегинде болду. Бирок талапкер Муртазалиевдин туугандары добуш сатып алуу фактысы менен кармалган. Ага видео далилдер бар. Азыр Ички иштер министрлигинен жооп күтүп жатабыз. БШК чечим кабыл алыш керек", - дейт Атазов.

21-февралда Бишкек милициясы добуш сатып алууга аракет көргөн эки жаран кармалганын, алар Свердлов районунан шайлоого катышып жаткан талапкердин үгүтчүлөрү экенин билдирген. Муртазалиев "Азаттыкка" милиция кармаган үгүтчүлөрдү тааныбай турганын, ал атайын уюштурулган чагым болгонун айткан эле.
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер