Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Кыргызстандагы кандидат, докторлордун 60 пайызы жараксыз, “самопалдар”

Кыргызстандагы кандидат, докторлордун 60 пайызы жараксыз, “самопалдар”

29-март, 20:28
1 087 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌
Илим, билими өнүккөн өлкөлөрдө экономика гүлдөп, элдин жашоо турмушу бакубат болуп, бейпилчилик өкүм сүрөт. Кыргызстан кандидат, доктор, академиктердин саны боюнча дүйнөдө 51-орунда экен, бул чындыгында эле жакшы көрсөткүч. Бирок экономикасы жагынан арткы орундардын биринде турабыз да. Анткени ошол эле илимдин натыйжаларын салыштырган көрсөткүч боюнча өлкөбүз дүйнөдө 121-орунда калган. Ошон үчүн экс-министр Каныбек Иманалиев “илимий даража алгандар менен алардын илимий эмгектеринин натыйжаларынын ортосунда 71 пункт боюнча айырма бар. Бизде “самопал” илимпоздор көп” деп расмий жыйында шардана айткан да. Демек, өлкөбүздөгү 1179 илимдин доктору, 5323 илимдин кандидаты даражасын алгандардын теңинен көбү, дагы тагыраак айтсак, 60 пайызы жараксыз диссертациясы үчүн диплом алган “самопал” кандидат, докторлор. Алар илимде “кой терисин жамынган карышкырлар”. Бул тармакка тырмактын агындай салым кошпой “айлыкты көбөйткүлө” деп кыйкырып жаткан кызыл кекиртектер ошолор. Себеби, алар өздөрүнө окшогон “жасалма” окумуштуу сөрөйлөрдүн санын көбөйтүп жатышат. 
Ошол чала кандидат, доктор, академиктердин армиясы илимди жыргатпай, ышпалдасын чыгарып, талкалаганы аз келгенсип, мектеп окуучулары үчүн окуу китептерин да жаза алышпайт экен. Алар жазган окуу китептеринин баары жарабай, эми министрлер кабинети Сингапурдун даяр окуу китептерин сатып алмай болуп жатышат. Анда же илим жыргатпаган, же окуу китебин жаза албаган, эч нерсе жасабай “айлыгыбызды, пенсиябызды көбөйткүлө” деп өлүмтүгүн арткан жатып ичер илимпоздордун “кой короосун” кармап туруунун зарылчылыгы барбы? 
Элдос БАКБЕРГЕНОВ,
"Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер