Руслан Акматбек: “Өлкө тойканага окшоп эле баратат, деги тамада кайда, той качан бүтөт?”
Саясый серепчи Руслан Акматбек өлкө абалын кейиштүү сүрөттөдү. “Тойлорго көбүңөр барып жүрөсүңөр. Билесиңер, тамада, администрация абдан манилүү. Тамада тойдун көркүн чыгарат. Сценарийи, тартиби, алып баруусу укмуш, ойлондурат, күлдүрөт, эс алдырат, көңүл эргитет, шаттык маанай тартуулайт. Тойкананын администрациясы жакшы болсо той зыңкыят.
Кээ бир тойлор бар, тамада конок менен кошо конок болуп, элдин эсин оодарат. Конкурстарын карап, бери жактан сен уяласың. Ызы-чуу, коноктор бири-бирин сөзүн укпайт, ар бир стол өзүнчө жыргап мини той, микрофон талашып, “ырдайм” дегендер, тажатып ары-бери баскандар, сахнага ким чыгып ким түшүп атканы белгисиз, бир столго тамак жетип, калганы карап, официантты издей берип айлаң алты кетет...
Ошо, биздин өлкө экинчи тойканага окшоп эле баратат, деги тамада кайда, той качан бүтөт, билген жан барбы?”