Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Динара Ашимова, ЖК депутаты: “Прокурорбу, же жумушчу болобу, бардык эле адамдын өмүрү кымбат”

Динара Ашимова, ЖК депутаты: “Прокурорбу, же жумушчу болобу, бардык эле адамдын өмүрү кымбат”

20-май, 12:00
704 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Динара айым, бүгүнкү күндө жол кырсыгынан каза болгон райондук прокурордун үй-бүлөсүнө 21 миллион сом компенсация төлөнөрү тууралуу маалымат аябай кызуу талкууланып жаткан учуру. Мурдагы прокуратура кызматкери катары бул боюнча сиздин көз карашыңыз кандай?

-- Негизи, компенсация төлөө бүт эле Эмгек кодексинде бар. Эгер өндүрүштүк майыптык алса, профсоюздар сотко кайрылып, ар бир учурда чоң өлчөмдө компенсация төлөнүп берилет. Мисалы, электромонтёрлерго. Ал эми сиз айткан прокурор боюнча... Мен ойлойм, мыйзамды карап көрүш керек. Андай сумманы кантип чыгарышкандарын текшерип көрө элекмин. Балким, индексациясы жагынан көбүрөөк болуп калгандыр. Негизи, компенсация төлөнөт, бирок сот аркылуу. Компенсация берилип аткандан кийин баардыгы тең, адилеттүү болуш керек.

-- Эмгек кодексине ылайык, андай компенсация бардык эле тармактарда иштегендерге каралат экен. Маселе анын өлчөмүндө болуп жатат сыягы.

-- Башка укук коргоо органдарын да карап көрүш керек. Милицияда иштегендердики, чек ара кызматкерлериники кандай? Прокурор болобу, же жөнөкөй бир жумушчу болобу, бардык эле адамдын өмүрү кымбат. Конституция боюнча баарыбыз теңбиз, ошон үчүн өтө чоң айырма болбош керек деп ойлойм. 

"Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер