Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » “Ал эки баласы, аялы бар экенин менден жашырган жок”

“Ал эки баласы, аялы бар экенин менден жашырган жок”

20-октябрь, 11:53
1 354 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Ар бир аял бактылуу болууга тийиш, бактылуу болуш үчүн аракет кылуу зарыл. Ооба, бактысыз аял болбойт, бактысы менен күрөшө билген аял болот деп эсептейм. Мен бактылуу болууга тийишмин. Бирок менин бактым казандан башы чыкпаган бир аялдын колунда турат. Мен ага бергим келген жок. Андан тартып алууну көздөп келем.

Үч жыл мурун үй-бүлөсү бар адам менен таанышып калдым. Ал менден эки баласы, аялы бар экенин жашырган жок. Анын үй-бүлөсү менин сүйүүмө тоскоол да боло албады. Анткени ал адамсыз мен жашоомду элестете албайм. Баарын кылып берет: унаалуу, үйлүү да болдум. Азыркы заманда мындай кымбат нерсени аялына да белек кылышпаган, аялынын мойнунда минип отурган эркектер аз эмес. Буга чейин турмушка ишеним менен чыгып, эки жыл баламды жонума артып алып, аны бактым, токмогун жедим. Акыры ажырашып кетип, жаным калган. Азыр уулум ата-энемдин колунда. Кудайга шүгүр, баарынан камсыз. Ал да болсо сүйүктүүмдүн арты менен. “Экөө урушуп, сүйүктүүм биротоло мага келет же аялы төркүнүнө кетет” дедим. Бирок күткөн нерселерим таптакыр аткарылбады. Азыр кош бойлуумун. Сүйүктүүмөн наристе күтүп жатам. Сүйүктүүм болсо балдары үчүн аялын кетире албасын, аялы бир гана балдарын эмес оорулуу апасын кошо карай турганын айтып калат. Канчалык сүйүктүүмдүн эки аялдын ортосунда жашоосун кабыл алайын дейм, бирок кызганычтан улам күйүп кетем...

Нуриза
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер