“Кыргызстан” партиясы Кадыржан Батыровдун туугандарына таянабы?

2010-жылдагы Июнь коогалаңы тарыхта кара тактар менен жазылып калган. Күнөөлүүлөр толук жазаланбай, көптөгөн бейкүнөө адамдардын өлүмдөрү бүгүн да сай сөөктү сыздатат. Канга забын болгондор качып кетишкен. Ошолордун ичинде маркум Кадыржан Батыров да бар эле...
Эмесе, бул канкорго байланыштуу олуттуу суроо салалы. Учурда “Кыргызстан” партиясы менен мандат алуу үчүн Кадыржан Батыровдун жээни Ахрор Иминовдун баратканы кандай? Болгондо да 11-тизмеде! Кызык, моралдык жоопкерчиликти, намысты тебелеп кете беришеби? Миңдеген мекендештерибиздин оор абалда жабыркаганын, жүздөгөн адамдардын кырылганын кантип унутабыз? Же 10 жыл өтүп кетсе эле сепаратизм менен шугулданган Кадыржан Батыровдун жакын туугандары бийлик бутактарына келе бериши керекпи? Эл эмне дейт? Тескери бата берилбейби?..
Aryba.kg