Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Сицилия... Же милициялар уйгур ишкерин уурдашып, акча талап кылыштыбы?

Сицилия... Же милициялар уйгур ишкерин уурдашып, акча талап кылыштыбы?

17-ноябрь, 15:34
617 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Суроо жолдойлу. Бул төбө чачты тик тургузган кылмышты ИИМ эмнеге басып жатат? Министр Кашкар Жунушалиевдин кадрлары ушунчалык айбанчылыкка бара баштаганбы? “Балык башынан сасыйт” дечү беле?..

6-ноябрь. “Мадина” базарында эмгектенген кытайлык ишкер Ришадды Чүй ОИИБсинде иштеген Бектур Ниязалиев менен Аламүдүн РИИБсинин кызматкери Артур Урматов уурдап кетишип, 4 миң доллар талап кылышканы ачыкталабы? Ал эптеп кутулуп чыгып, арыз жазса да мыйзам иштебей атабы? Ушул боюнча МЕНТтерге “табакташ” болгон жергиликтүү уйгурлар Сайпулла, Сухроп жана Рустом кармалып, “Адам уурдоо” фактысы менен жабылганы ыраспы? Эмне үчүн дал ушул боюнча тымпыйышат? Милиция кызматкерлери менен кылмыш дүйнөсүнүн айырмасы болбой калганбы? Башкы прокуратура, УКМК иликтеп, “кой терисин жамынгандарга” баа бере алабы? Бүгүнкү күндө кытайлык ишкер уйгурдун өмүрү коркунучта болуп атса, а береги милиция кызматкерлери Бектур Ниязалиев менен Артур Урматов “крышаларына” таянып атышабы? 

Сицилия бекен? Балээнин баары министр Кашкар Жунушалиевде эмеспи?..


“Азия Ньюс” гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер