Акыркы кабарлар
» Саясат » Мурат Боронов акжолтой генерал болуп, Баткендеги коопсуздукту колго алды
Мурат Боронов акжолтой генерал болуп, Баткендеги коопсуздукту колго алды
29-июнь, 14:49
831 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌Кыргызстанда сапатсыз, сансыз генералдар бар. Алардын аты-жөндөрүн да билбейсиң. Улам келген президенттер өң-тааныш, жакындарына чоң жылдыздарды кармата беришкен. Ал эми татыктуулар саналуу гана. Мисалы, Баткен ОИИБ начальниги Мурат Бороновду тартынбастан мыкты жетекчи, татыктуу генерал катары айтсак жарашат. Себеби, бул каарманыбыздын иштермандыгы, эмгекти сүйгөндүгү өзгөчө баага татыйт. Пиары жок эле көп иштерди бүтүрүп, күн-түн дебей коопсуздуктун камын көрүп жүрөт. Баткенде абал кандай экени белгилүү. Оор шартта өздүк курамга дух берип, эки ирет согушту баштан кечирип, өткөн чактан чоң сабак алып, тычтыкты сактоочу, коргоочу катары өзүн көрсөтө алды. Министр Улан Ниязбеков учурунда туура баалап, генерал-майор чин-даражасын алып бергени жөн жерден эмес. Оор жүктү көтөрө билген Мурат Боронов ишенимди актап, татыктуу аркалап, кызматын кынтыксыз аткарып, акжолтой генерал болгонун жергиликтүү тургундар айтышууда. Баткендеги коомдук-коопсуздукту колго алып, элдин таянычы катары белди бекем бууганына баракелде!
Бөлүшүү:
"Азия Ньюс" гезити