Агрессивдүү сепаратизм же акылга сыярлык гармония

Азия континентинде түрк тилдүү элдер гиганттык аймактарды ээлеп, азыркы геосаясатка олуттуу экономикалык жана саясый таасирин тийгизүүдө. Түрк тилдүү элдердин 70 пайызга жакыны өз алдынча эгемендүү мамлекеттүүлүккө ээ, ал эми 30 пайыздан ашыгы башка мамлекеттердин аймагына автономиялуу республикалар, облустар жана компакттуу жашаган региондордо түзүлгөн.
Бүгүнкү күндө дүйнөдө түрк элдеринин саны ар кандай булактар боюнча 200 миллионго жакын.
Түркия – 77 млн.
Өзбекстан – 31 млн.
Иран – 23-30 млн.
Казакстан – 14,5 млн.
Кытай – 13,5 млн.
Россия – 11 млн.
Азербайжан – 8 миллиондон ашык
Кыргызстан – 6 млн.
Түркмөнстан – 5 млн.
Германия – 5 млн.
Кавказ – 2 млн.
Европа Биримдиги - 3 млн.
Тажикстан – 1-2 млн.
АКШ – 3 млн.
Ирак – 2-3 млн.
Австралия – 60 миң.
Улуу Британия – 50 миң.
Украина жана Беларусь – 350 миң (крым татарлары, поляк-литва татарлары)
Молдова – 147 500 (гагауз)
Монголия – 100 миң адам
Грузия – 233 миңден ашык адам
Канада – 20 миң.
Латын Америкасы – 11 миң адам
Япония – 3 миң.
Калган дүйнө – 1,4 млн.
Заманбап интернет технологиялардын өнүгүшү менен түрк элдеринин ышкыбоздору үчүн философия, логика, коомдук аң-сезимдин калыптануу мыйзамдары жаатындагы билимине карабастан, алардын субъективдүү аң-сезимин сепкени жүз эсе жеңил болуп калды. Анүстүнө Гумилёв айткандай, өздөрүнүн иллюзиялуу максаттарына жетүү үчүн алар өздөрүн, жакындарын, шакирттерин да, «курмандыкка» даяр турган элин да аяшпайт. Натыйжада кээ бир мамлекеттерде табигый түрдө чыңалган кырдаал түзүлүп, башка этномаданий өзгөчөлүгү бар мамлекеттерде түрк элдеринин тынчтыкта, ынтымактуу жашоосуна жана өнүгүшүнө тоскоол болууда.
Синьцзян-Уйгур автономиялуу районундагы кырдаалга токтолуп, биздин КЭРде жашаган түрк тилдүү конгреcсинин мүчөлөрү акыркы убакта ал жерде бардыгы тынч экендигин айтышат. Коммунисттик партия акыл-эстүү эл аралык саясатты жүргүзүп жатат, ал КНРде жашаган бардык улуттардын өнүгүшүн билдирет. Албетте, Кытайда мамлекеттик өтө күчтүү машинанын күчү менен эч кандай сепаратизм өтпөйт. Кээ бир зордукчул жетекчилердин эгемендүү өзүнчө мамлекет түзүү аракети аларга жана алардын колдоочуларына азап гана алып келет. Уйгурлардын, казактардын, кыргыздардын басымдуу көпчүлүгү улуу жана гүлдөп-өскөн мамлекетте башкалар менен чогуу жашоонун акылга сыярлык синергетикасын издеп табат. Ар бир иштеген адам өзүнүн дараметин кайсы улутта болбосун оңой эле ишке ашыра алат.
Демек, орто кылымдагы элдин бактысын суверендүүлүктөн издеп, Кытайда өзүнчө мамлекетти түзүү пайдасыз, анүстүнө өтө алыс, жумшак айтканда, проблематикалык. Бул нерсе объективдүү реалдуулук коомдо коргонуу реакциясын пайда кылат, өзүн-өзү сактоо инстинкти сыяктуу булар коомго саясый рационализмди сунуш кылган реалисттер.
Учурда нео-түрктөр «түрктөр кайсы мамлекетте жашабасын, ошол жерде тынчтыктын, ынтымактын да кабарчысы» деген ураанды карманышат.
Эдил Марлис уулу, «Түрк элдеринин конгресси» эл аралык ассоциациясынын президенти
"Азия Ньюс" гезити