Кыргызстанда мөөнөтүнөн мурда парламенттик шайлоо өткөрүү: зарылчылыкпы же саясый манёврбу?


Кыргыз саясатында дагы бир жолу өзгөрүү башталды. Парламентти мөөнөтүнөн мурда таркатуу жана быйылкы жылы – азыркы парламенттин ыйгарым укуктары расмий бүтөрүнө бир жыл калганда кезексиз шайлоо өткөрүү талабы Жогорку Кеңеште талкууланууда. Бул демилгени колдоочулар логикага, практикага, о.э. саясый өткөөл мезгилде туруктуулукту камсыз кылуу зарылдыгына кайрылышат. Ал эми оппоненттери муну саясый эсеп жана президенттик шайлоо алдында позицияларды бекемдөө аракети катары баалашууда.
Келгиле, түшүнүүгө аракет кылалы: мөөнөтүнөн мурда парламенттик шайлоо чындап эле акылга сыярлык кадамбы же бул демилгенин артында дагы бир нерсе барбы?
Шайлоолор: календарь жана акыл-эс боюнча
Учурдагы мыйзамдарга ылайык, Кыргызстанда кезектеги парламенттик шайлоо 2026-жылдын күз айына, ал эми президенттик шайлоо ошол эле жылдын декабрына белгиленген. Ошентип, бир нече айдын ичинде өлкө ар бири олуттуу ресурстарды: уюштуруучулук, каржылык, административдик жана андан кем эмес адамдык ресурстарды талап кылган эки масштабдуу шайлоо кампаниясынан өтүшү керек.
Мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөрүүнү жактаган депутаттар бир чейрек ичинде эки маанилүү шайлоо өткөрүү мамлекеттик институттарга, өзгөчө БШКга оорчулук алып келерин туура белгилешүүдө. Мурунку өнөктүктөрдүн тажрыйбасын эске алсак, көптөгөн соттук териштирүүлөр, легитимдүүлүк талаштары, көчө нааразылык акциялары, эң жаманы – саясый туруксуздуктун элементтерин күтүүгө болот.
Андан тышкары, шайлоого даярдык көрүү шайлоо күнү эле эмес, татаал, бир нече айга созулган процессти: партияларды каттоо, талапкерлерди көрсөтүү, үгүт иштерин жүргүзүү, тизмелерди даярдоо, байкоо жүргүзүү, добуш берүүнү уюштуруу жана жыйынтыктарды чыгарууну камтый турганын түшүнүү керек. Эгерде бул процесстер бири-бирин кайталаса, бул административдик башаламандыкка алып келип, добуш берүүнүн жыйынтыгына элдин ишенимин төмөндөтүшү мүмкүн.
Мөөнөтүнөн мурда шайлоонун стратегиялык логикасы
Бул көз караштан алганда, парламенттик шайлоону 2025-жылга жылдыруу жөндүү кадамдай көрүнөт. Бул:
● Парламенттик жана президенттик шайлоо өнөктүгүнүн бири-бирин кайталоосуна жол бербөө аркылуу шайлоо циклинин жүгүн азайтуу;
● Ар бир процесске өзүнчө көңүл буруу, шайлоонун сапаттуу өтүшүн камсыз кылуу;
● Президенттик жарыш башталганга чейин парламентке жаңы мандат берүү, ошону менен саясый манипуляциялардын тобокелдигин азайтуу;
● Парламенттик шайлоодон кийин келип чыгышы мүмкүн болгон чыр-чатактарды жана соттук териштирүүлөрдү тез арада чечүү.
Иш-аракеттердин мындай ырааттуулугу жаңы саясый циклге бир топ жылмакай өтүүгө, өлкөдөгү ички башаламандыкты минималдаштырууга мүмкүндүк берет.
Заговор теориялары жана саясый эсептөөлөр
Бирок бул демилгеге баары эле ишене бербейт. Эксперттик коомчулук дагы тымызын саясый себептерди божомолдоодо. Айрымдар “мөөнөтүнөн мурда шайлоо айрым партияларга пайда алып келиши мүмкүн” деп эсептешет же быйылкы шайлоонун жакшыраак абалына ишенген топторго таасир этет.
Сынчылар бул демилгеге парламентти президенттик шайлоо өнөктүгүнүн алдында жаңылоо, лоялдуу күчтөрдүн позициясын бекемдөө жана 2026-жылдагы курч саясый кырдаалда күтүүсүз натыйжалардын коркунучун азайтуу каалоосу түрткү болушу мүмкүн деп эсептешет.
Ошого карабастан, атүгүл скептиктер да эрте шайлоону жактагандардын жүйөлөрү логикалуу экенин, эки чоң шайлоону бир убакта өткөрүүнүн уюштуруучулук жана ресурстук тобокелдиктери чындап эле жогору экенин моюнга алышат.
Коомдук пикир: прагматизм теориядан жогору
Кыргызстан бир эмес, бир нече коогалаңдуу шайлоо толкунун башынан өткөрдү, коомдо саясый эксперименттерге белгилүү бир иммунитет калыптанды. Эл туруктуулукту, алдын ала айтууну, таза шайлоону каалайт. Ошондуктан шайлоо процессин ырааттуу жана көзөмөлгө алуу идеясы калк арасында колдоо табат.
Жыйынтык: прагматизм дайыма кутум эмес
Кыргызстан эки маанилүү саясый окуяга – парламенттин алмашуусуна, мамлекет башчысынын өзгөрүшүнө туш болуп турганда, шайлоону логикалык жана этап менен өткөрүү акылга сыярлык чечимдей көрүнөт. Ооба, мындан саясый эсепти көргөндөр ар дайым чыгат, бирок саясатта прагматизм дайыма кутумдун белгиси эмес, көбүнчө зарылчылык.
Негизгиси, баардык чечимдер мыйзам чегинде, ачык-айкын, коомго максималдуу ачыктык менен кабыл алынат. Ошондо гана ар кандай мөөнөтүнөн мурда шайлоо ишенимсиздиктин жаңы айлампасына шылтоо болуп калбай, тескерисинче, институттарды бекемдеп, өлкөнү жетилген демократияга жакындатат.
Бакыт Бакетаев, саясат талдоочу











