Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Урматбек Шамырканов: “Республика боюнча 2 миңден ашык жер көчкү коркунучтары бар”

Урматбек Шамырканов: “Республика боюнча 2 миңден ашык жер көчкү коркунучтары бар”

13-май, 09:00
455 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары менен маек.

-- Жолдош полковник, өткөн жумада бир топ жерде катуу сел жүрбөдүбү, алардын кесепеттерин жоюу боюнча кандай жумуштар жасалып жатат?

-- 3-майдан баштап Алай, Сузак, Баткен, Ноокат райондорунда катуу сел болду. Министрибиз Бообек Эргешовичтин жетекчилиги астында селдин кесепеттерин жоюу боюнча координация иштери жүрдү. Алай, Баткен жана Ноокат райондору боюнча мен өзүм иш жүргүздүм. Сузак району боюнча жалпы жонунан 900дөй үйгө суу кирген. Бүгүнкү күндө тазаланбаган жыйырмадай үй калды. Кырсыктын кесепеттерин жоюу боюнча иштер уланууда. Селдин кесепети Сузакта өзгөчө катуу болгондуктан, Бишкек шаарынан куткаруучуларды, коргоо министрлигинин күчтөрүн, Ош шаарына тийешелүү суу сордуруучу ассенизатордук машиналарды тартууга туура келди. Жалпы дүйнөдө күндүн жылышынын таасириби, акыркы беш-алты жылда аномалдык кубулуштар көп байкалууда. Кечээ күнү эле Нарын шаарында ылдамдыгы секундасына 28 метрге жеткен катуу шамал болуп, үйлөрдүн чатырлары учуп кеткен. Азыр келтирилген чыгымдарды эсептөө иштери жүрүп жатат. Ушул жуманын ичинде жалпы чыгымдын суммасы маалым болот.

-- Адамдардын арасында жабыркагандар жокпу?

-- Кудайга шүгүр, эң башкысы, кишилердин арасында жабыркагандар жок. Малынан, үй оокатынан ажыраган жарандар болду. Алдын ала эсептөөлөр боюнча кырктан ашуун үй жардамга муктаж.

-- Көчкү сезону өтүп кеттиби же дале коркунуч барбы?

-- Баарыбыз күбө болгондой, быйыл кар аз жаады. Жаздын алгачкы күндөрүнөн тарта кардын, жамгырдын көп жаап, нымдуулуктун топтолушу эски жер көчкүлөрдү “ойготуп” жатат. Республика боюнча 2 миңден ашык жер көчкү коркунучтары бар. Жумгал районундагы Арал–Миң-Куш жолунун 30-чакырымында чоң жер көчкү бар эле. Ошол көчкү активдешип, жолду жаап калып, азыр анын кесепеттерин жоюу, көчкүнү мажбурлап түшүрүү боюнча иштер жүрүп жатат. 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер