Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Элдар Абакиров: “Айлык акыларды кредит менен каржылоо таптакыр туура эмес”

Элдар Абакиров: “Айлык акыларды кредит менен каржылоо таптакыр туура эмес”

21-ноябрь, 19:10
944 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров бул жылды жыйынтыктоодо чоң убадаларды берди эле. Бирок бюджеттин тартыштыгы быйыл 35 миллиард сомго жеткени калды. Мындай кырдаал эмне себептен жаралды? 

-- Бюджет тартыштыгы тууралуу төмөндөгүдөй пикиримди билдирсем болот. Бюджет тартыштыгын азыр карыз алып да жапканы турушат. “14 миллиард сом тыштан карыз алдык. Ички байланыштарды карап, карыз алабыз” дейт. Карыз менен мамлекеттик кызматкерлердин айлыгын каржылоо таптакыр туура эмес. Анткени экономиканы сүйрөй тургандар – булар ишкерлер. Ат менен ат араба болсо, араба аттын алдында боло албайт. Ошон үчүн атка тамак берип, аны күчтөндүрсөк, ошондо араба тез жылат. Мамлекеттик чыгашалар, мамлекеттик кызматкерлердин айлыгы – бул түзмө-түз инфляцияга, бюджеттин таңкыстыгына алып келет. Демек, көтөрүлгөн айлык акыларын кыскартуу шарт. Болбосо аларды кредит менен каржылоо таптакыр туура эмес. Кредиттер көп болуп кетсе, келечекте тапкан акчабыздын баары карызга кетип, өнүккөнгө мүмкүнчүлүк болбой калат. 

-- Учурда салыкчылар калыс иш алып барып жатышабы?

-- Салыкты төлөш керек. Бирок анын көлөмү керектүү көлөмдөн ашпашы керек. Эгер ашса, анда салыкчылардын алына жараша да болушу шарт. Ашыкча болсо, анда ишкердик кылуунун мааниси жоголуп, банкрот болушат. Ошону менен бюджети да жок болот. Кээ бир убакта бир ишкерден салык алып, экинчисинен албай койсо, салык төлөгөнү банкрот болушу мүмкүн. Ошондуктан салык баарынан бирдей алынышы зарыл. 


Жамиля Нурманбетова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер