Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Эдил Байсалов шакирти Марат Тагаевдин курчтугу үчүн министрдин орун басары кылган тура

Эдил Байсалов шакирти Марат Тагаевдин курчтугу үчүн министрдин орун басары кылган тура

14-август, 10:21
711 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌
Министрлер кабинетинин төрага орун басары Эдил Байсалов атбашылык иниси Марат Тагаевди маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине орун басар кылып койгон. Кандайдыр бир деңгээлде чыйрак журналисттин аталган мекемеге чоң болушу окшошот. Бирок, кеп мында эмес. Октябрь төңкөрүшүндө эл тынчыбай, башаламандык уланып аткан кезде Марат Тагаев Ала-Тоо аянтынан сөз алып, жалындуу сүйлөптүр. “Чемпионду” Токмоктогу криминал катары баса белгилеп, ага кошумча “Камчы Көлбаевди камаш керек” деп, ошого катар бийликке жулунган төңкөрүшчүл төбөлдөргө да ачуу тилин тийгизип, “чимкириктер” менен аралашып аткандарын кескин сындап, ачыктан-ачык тазалыкты талап кылыптыр. Дух бар экен да. “Темирди кызуусунда сок” дегендей, учурунда курч пикирин билдирип, эч кимден жалтанбай эле эрдигин көрсөтүптүр. Эдил Байсалов кыраакы эмеспи, шакирти Марат Тагаевдин өткүрлүгүнө баа берип, ошон үчүн министрдин орун басарлыгына көтөргөн тура. Саяпкери жарашса күлүк алдыга озот эмеспи. Атбашылык ага-инилер үзөңгүлөш жүрүшсө, дагы далай катталардын чучугуна жеткизе сөз айтышып, коомдун “санитары” катары кала беришмекчи. 

"Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер