Аккан суу

Умереть – это еще не всë
(Э.Хемингуэй)
(Уландысы. Башы өткөн санда)
Китептин өз учурунда чыгышына жана жасалгасына өзгөчө назар бурар эле. “Окуу китеби 1-сентябрга чейин окуучулардын колдоруна тийбей калса, биз алардын бетин кантип карайбыз?” деп көп какшачу. Бирок турмушта ар кандай жагдайлар боло берет эмеспи. Бир жылы жаңы “Алиппени” өз учурунда чыгара албай турган коркунуч туулуп калды. Комитеттин бир кызматкери мындай “акылдуу” сунуш киргизиптир:
-- Анда пробный кылып ак-кара түстө чыгара бергиле да, кийинки жылы оңдоп аласыңар, - деп.
Бул кабарды Мелис байке угуп калып, жер сабап, атайын жыйын өткөргөнү эсибизде:
-- Силерде деги мээ барбы?! - деди ал жетекчилерди көзгө илбей. -- Башталгыч класстын, болгондо да 1-класстын “Алиппесин” ак-кара кылып чыгарууга кантип дитиңер барып жатат! Мына, кызыл алма дейли, китепти карай салса, капкара тоголок бир нерсе турат, жүрөктү түшүрүп. Биринчиден, силер балдардын эстетикалык сезимин өлтүрөсүңөр, экинчиден, окууга, билимге болгон кумарлыгын өчүрөсүңөр, иренжитесиңер. Үчүнчүдөн, бүтүндөй башка элге уят, анан... -- бууракандап келип, сөзүн улай албай калды.
Жыл айланбай түстүү татынакай “Алиппеге” алмашты баягы кара ала “Алиппе”. Мелис байке болбосо баягы карала “Алиппебиз” канча жылга чейин ошол таз кейпинде каларын бир Кудай билет эле.
...Бир курдай Мелис байке экөөбүз отурсак, телефон шыңгырап калды. Тыңшоорду алдым (ал өзү өмүрү алчу эмес, “жетекчи албаш керек, кызматкер алышы керек, ал ошон үчүн жетекчи, билип жүргүлө” деп каткырып калчу):
-- Жанагы Мелис Абакиров дегениң барбы? - деди бир өкүм үн.
Тыңшоорду Мелис Абакировго сундум:
-- Ай, Мелис Абакиров! Сен коммунистсиң да ээ, алдакы партбилетиңди үстөлдүн үстүнө коюп койгун!
-- Эмнеге коюп коём?
-- Эмнеге экенин билбейсиңби? Эмне үчүн окуу китептерин министрликтен бекиттирбей туруп басууга берип жатасыңар?
Кеп төркүнү эми түшүнүктүү болду. Бул өкүм чыккан үн министрликтин бөлүм башчысы экен. Илимдин кандидаты эле, көп жылдык тажрыйбасы бар, ишке көнүккөн, өзүнүн өкүмдүгү менен министрликтегилердин да, басмалардагылардын да жүрөгүнүн үшүн алган жан эле.
-- Жаңы окуу китептери гана бекитилет да, ал эми эскилери бекитилбей эле... - Мелис байкени толук сүйлөттүрбөй, кепти жулуп алды:
-- Аны сага кайсы атаң айтты, партбилетиң үстөлдүн үстүндө турсун!
-- Партбилетиңди өзүң үстөлдүн үстүнө коюп койгун! Эмнеге кол жазмалар эки-үч ай кечигип келет бизге? Аларды басмага даярдасак, анан бекитебиз деп силер дагы эки-үч ай басып жатсаңар, окуу жылы кап ортолоп калып жатпайбы, ага чейин окуучулар эмне менен окушат?
-- Аны мен билбейм, аны авторлор...
-- Авторлордун ишин жөнгө салуу так эле сенин тикелей милдетиң, ошону билип жүргүн! Мына, эми өзүң партбилетиңди үстөлдүн үстүнө коюп кой! Түшүндүңбү?.. – деп Мелис байке тыңшоорду коюп таштады.
-- Көрдүңбү буларды, өз милдеттерин көзүнө сайып көрсөтүп койбосоң, үстүңө минип алышат. Көнүшкөн да министерствону айтышып. Силердин өзүңөрдө да бар, бирдеме деп койсо, бүжүңдөп... -- мага нааразылана карап койду.
Милдет-укук демекчи, бул жагынан Мелис байке менен директордун ортосунда кагылышуулар көп болуп турар эле.
Бир жолу Мелис байке жыйынга он мүнөттөй кечигип келип калды. Шашкан түрү бар.
-- Эмне кечигип жүрөсүз? - директор сөзүн токтото коюп, Мелис байкеге тике карап калды.
-- Комитетте окуу китептеринин сапаты жөнүндө жыйын болуп, ошондо кармалып калдым.
-- Ага мен деле чакырылгам. Барбай, мындагы зарыл иштер менен...
Мелис байке кепти жулуп алды:
-- Сиз барышыңыз керек болчу, сиз милдеттүү болчусуз. Окуу китептеринин сапатынан артык кандай дагы зарыл иштер бар экен?
-- Сапат керек дечи... Бирок жыйынга өз учурунда келүү да милдет. Мына, Дилдебекти военкомат чакырыптыр, барбай эле жыйында отурат. Жибергеним жок.
-- Туура эмес кылгансыз. Военкомат чакырганда сөзсүз барышы керек. Бул – закон. Эми жибербей койгон сиз да, барбай койгон Дилдебек да закон алдында жооп беришиңер керек!
Директор не дээрин билбей туруп калды да, маселени башка жакка буруп кетти.
***
Эми ойлосом, ал учур китеп доору экен. Бир китебибиз жоголуп кетсе, түйшөлүп, түн уйкуңдан калар элең. Мелис байкенин Асанкадыр Эсенканов деген жакын курдашы бар эле. Жазуучу, адегенде “дүрт” этип катуу чыгып, кийинчерээк партиялык иштер менен алектенип, негедир солгун тартып кеткен. Ушунчалык окумал киши, дүйнөлүк классиктердин далайларын эчак эле “ичип-жеп” койгон. Бир бөлмөсү өзүнчө бир китепкана болчу, ага эч кимди киргизчү эмес. Алыска кетерде кулпулап койчу. Ушул Асанкадыр байке Нарындан которулуп келип, убактылуу биздин үйдө туруп калды. Бир күнү эле ачууланып, бозоруп-татарып кирип келди. Мен суроолуу тигилдим.
-- Жанагы Мелис да, менден көрөт, шашма, кайсар десе...
Көрсө, окуя мындай болуптур. Экөө адабият жөнүндө сүйлөшүп отуруп, бир сүйлөмдүбү же эпизоддубу талаша кетишет, бирөө Хемингуэйдики дейт, экинчиси Драйзердикиби, айтор, башка бирөөнүкү дейт. Шашма жаны Мелис байке “мен азыр” деп алып ордунан ыргып турат да, кабинетине жөнөйт. Кирип караса эле Хемингуэй ордунда жок. Атып чыгат да:
-- Хемингуэйим жок. Сен эле алган окшойсуң. Сенден башка бүгүн бир жан да келген эмес! - деп бир тийет.
-- Эй, кайсар, сенин Хемингуэйиңди эмне кылам? Менин китеп текчемде анын толук томдугу жыйылып турат.
-- Сен албасаң, анан ким алат? Сен эле...
Асанкадыр байке намыскөй, ачуусу чукул киши эле.
-- Ээ, адам эмес экенсиң!.. - деп эшикти “тарс” жаап чыгып кетет.
Мен эми экөө бет карашпай калды го деп ойлогом. Асанкадыр байке бир-эки саат өтпөй эле кайра жөнөп калды. Күүгүмдө кирип келди жадырап-жайнап:
-- Мелисти жайладым, жайлаганда да кандай дейсиң...
Мен таңдана карадым.
-- Шахмат ойноп, үч жолу утуп алдым. “Дагы бир жолу” дейт, “кой” дедим, “дагы утулсаң, намыстанып...”
-- Жанагычы, китепчи, байке?
-- Кайсы?
-- Хемингуэйчи?
-- Аа... Шашма неме кайпастап жатып тике маңдайында турган Хемингуэйин көрбөй калыптыр.
-- Анан?..
-- Анан “Хемингуэйден менде экөө, бирөөнү сага берейин. Жана сага да катуу тийдим” деди...
-- Тойдум сенин Хемингуэйиңе, анын баардыгы томдугу менен жыйылып турат, - дедим да, баса бердим...
Ушул окуяны жазып жатып, биздин китепке болгон кусалыгыбызды сагынып кеттим.
***
Мелис байкеде жердешчилик деген түшүнүк таптакыр жок эле. Жолдош-жоролорунун дээрлик баары түштүктөн болчу. Мурза байке менен Жолон Мамытовго өзгөчө сыймык менен карачу. Жолон байкенин бир да чыгармасын сая кетирчү эмес.
--- Жолон гезиттеги ырларыңды окудум. Өзгөчө бул ырың жакшы чыгыптыр, - деп анын телефондон айтып жатканын көп уктум.
Мурза байке (Гапаров) кечкурун акырын каалгый басып басмага келчү. Аны көзү чалганда эле Мелис байке каткырып калчу:
-- Оо, Мурза аке кезектеги колуктусуна келаткан тура... Жазгандарындай эле бар: сымбаттуу, ойлуу, жайма-жай...
***
Ичиндегисин тегиз төгүп алмай Мелис байкенин кан-жанына сиңип калса керек деп ойлоп калам. Бир жылы басманын директору да, башкы редактору да кызматтан бошоп калышты (бошотуп салышты). Буга байланыштуу чогулуш өтүп, ар ким өз ойлорун айтып жатышты. Чогулуш адаттагыдай эле орусча өтүп жатты. Кезек Мелис байкеге келди. Мелис байке экөөнүн тең жоопкерчиликтүү, иштин көзүн билген кызматкер экенин, басмага сиңирген эмгегин баса белгилеп, мындан аркы иштерине ак жол тиледи. Анан бир аз тынып алды да:
-- Жолдоштор! - деди күлүмсүрөп. -- Бирок чындыкты да айта кетишибиз керек. Иш деген иш, бирок мамиле, болгондо да адамдык мамиле деген бар го. Ушу жагынан директорубузда чоң өксүк бар эле. Кимди болбосун бооруна тартпай, түртүп турчу. Кандай десем, кандайдыр бир жагымсыз... Мына, бая күнү эле бир редакторум келиптир, “байке, мен отработканы качан кылсам болот?” дейт, “эмне деген отработка, мен билбеген?” десем, “атам каза болгондо үч күнгө арыз жазып суранып кеткен элем, ошонун ордун толтурушум керек экен, директордун ошондой буйругу бар экен” дейт. Ичимден кан өтүп кетти, ыя айланайын, атасын акыркы сапарга узатып жатса, анан отработка... Ушу да адамгерчиликпи, адамдык мамилеби?..
Зал дымый түштү.
-- Ал эми башкы редактор өзүнүн алсыздыгынан кетти, иштей албагандыгынан эмес, өзүн коргой албагандыктан, алсыздыгынан кетти. Адам өзүн коргой билиши керек!.. - Ушундай илептүү сүйлөм менен бүтүрдү да, ордуна барып отурду. Ал отурары менен директордун аялы да басмада иштечү, ал атырылып трибунага чыкты да, кыргызча сайрап кирди. Мелис байкеге карай айтпаганды айтты көрүнөт. Ошентип, чогулуш “кой-ай” менен аягына чыкты. Бирок эртеси эртең менен жумушка келсем, баягы эженин ажылдагы Мелис байкенин кабинетинде жаңырып жатат. Чыдай албай кирдим, эже мени көрүп токтоп калды.
-- Эми мен болгонун болгондой айттым да, - деди Мелис байке токтоо. -- Ар кимде ар кандай кемчилик болот экен...
-- Болсо эле, эмне... - деп келатканда, эжени мен “эжекелеп” алып чыгып кеттим. Эже демин баса албаган бойдон биринчи кабатка түшүп кетти.
-- Качкан жоону катын да алат дейт, Мелис байке, - дедим бир топтон кийин мен тамашага чаргыта.
-- Ой, мен кача электе эле көздөрүнчө ушу сөздөрдү ачык эле айтчу элем го?..
Мен үндөй албадым.
***
Мен Мелис байкенин ойлуу отурганын бир жолу да көрбөдүм. Кайсы жерде болбосун, же сүйлөп жаткан болот, же күлүп жаткан болот, айтор, дайыма кыймылда.
Анда Мелис байке басма үйүндө директор болуп иштеп калса керек. Уулунан айрылып калганын угуп, көңүл айтканы кирип калдым. Жай кабыл алды.
-- Кечээ келдим эле, байке, жок экенсиз.
-- Ооба, айтышты.
-- Эми байке, өтө оор жоготуу болуптур. Арты кайрылуу болсун, кайрат кылыңыз.
Андан башка эмне кылам дегендей, башын ийкегилеп, үндөбөдү да, менин ал-жайымды сурай кетти. Айттым да, коштошуп чыгып бараттым. Артымды кайрылып караганым жок, бирок Мелис байкенин ойго батып турганын кадимкидей туюп турдум.
***
Кээде Мелис байкенин кабинетинен каткырык эле чыгып калчу. Мурда “кимдир бирөө менен сүйлөшүп жатат го” деп ойлоп жүрүптүрбүз. Көрсө, өзү эле жалгыз экен. Китеп же кол жазма окуп жатканда, күлкүлүү жерине келгенде, чыдабай кетип каткырып жиберчү тура. Жаштар деле, дасыккандар деле Мелис байкеге көп кайрылышчу. Ушунчалык тез окуп чыгар эле. “Индия киносундай кылып дайыны жок чоё берипсиң” деп жаштарга кеңеш айтып жатканын көп уктум. Ал эми дасыккандарга “аягын башкача бүтүрсөң болмок”, “аталышын өзгөртсөңчү”, “эки бөлүмдү сыгып эле, бир бөлүм кылсаң болчудай” дегендерин эшитип калчумун. Анда өзү да чайналып, далай чыгармаларды башына бышырып жүргөнүн мен кайдан билейин, Мелис байкенин калемгерлерге айтып жаткан кеңештерин угуп отуруп, мен “көрүнгөнгө кеңеш айткыча, өзү деле бирдеме жазбайбы” деп нааразы боло берчүмүн.
Менин чыгармаларымдын канчасын окуганын билбейм, мага бир да жолу чыгармаларым жөнүндө эч бир пикир айткан жок. А башкаларга айтыптыр. Бир жолу Айгүл:
-- Бейшебай, кечээ Мелис байке коридордун ортосунда туруп алып, жоон топко сенин бир чыгармаңды ушунчалык мактады дейсиң. Бүт эле жаттап алган окшойт... - деди маңдайы жарыла, өзү мактоо уккандай.
“Түн” аттуу жыйнагымдын бетачары болуп, анда “Азаттыктын” кабарчылары Өскөн Даникеев баш болгон сүрөткерлерден мен жөнүндө интервью алышкан экен. Мелис байке менин чыгармаларым тууралуу жылуу пикирин айтып келип:
-- Бейшебайдын өзгөчөлүгү мына мында, - дептир, -- анын ичинде жазуучу менен бирге редактор да отурат.
Кийин жылуу пикири үчүн Мелис байкеге ыраазылыгымды билдирсем, “ошону сен дагы угуп алдыңбы?” деп каткырды.
***
Кийинки жылдары Мелис байкедей эч ким жигердүү да, күрдөөлдүү да иштеген жок окшойт. Повесть артынан повесть, роман артынан роман жазды дегендей. Алардын баары окурмандары тарабынан жылуу кабыл алынды. Өкмөттүн да көз жаздымында калган жок. “Эл жазуучусу” деген ардактуу наамды алып, баарыбызды кубанычка бөлөдү.
Баарыдан да жакшы карыды. Карыган жок, кайра жашарып кеткенсип, акылы туптунук, өзүн абдан сергек алып жүрдү. Жыйындардан, маектерден калбай, өзүнүн аксакалдык кеңештерин, каалоо-тилектерин айтып жүрдү.
Узун колчатырына сүйөнүмүш болуп жыйындан же салтанаттан чыгып келатканы баарыбыздын көз алдыбызда эле калды го.
-- Ээ, Мелис байке, ушу ак жайдын күнүндө да колчатыр алып жүргөнүңүз кандай жорук? - деп сурап калышса:
-- Ээ, акылы жокторум, бул деген колчатыр эмес, - деп күлүп калчу, -- бул деген таяк, орусча трость дейт.
Ушинтип жайдары жүргөн күндөрүнүн биринде “Мелис байке өтүп кетти” деген суук кабар угуп калдым. Ишенген жокмун. Кечээ эле жадырап... Бирок...
Эми Мелис байке, таза, тунук элеңиз, бирөөгө катуу айткандырсыз, бирөөдөн катуу сөз уккандырсыз, анын баарын каткырыгыңыз менен жууп кетчүсүз. Баарынан да ичиңизде кылдай кек калчу эмес. Андыктан күрпүлдөппү же жайма-жайбы агып жаткан сууну көрсөм, сиздин жадыраган элесиңиз көз алдыма тартыла түшүп, жүрөк бир “тыз” этип алар да, анан тулку боюмду жылуулук өрдөп кетип турар...
Бейшебай Усубалиев
09.02.25-16.02.25 саат 12:51
"Азия Ньюс" гезити