Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Эркингүл Иманкожоева: “Жаман мыйзам менен мамлекетти аңга түрткөнү калышты”

Эркингүл Иманкожоева: “Жаман мыйзам менен мамлекетти аңга түрткөнү калышты”

04-декабрь, 18:09
2 549 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Эркингүл айым, коомчулукта Сооронбай Жээнбековдун пенсиясына бөлүнгөн каражат чоң талкуу жаратып, “ал үч жылда эмнени кыйратканы үчүн 150 миң сом пенсия алат?” дегендер четтен чыкты. Мамлекет айласын таппай турган маалда экс-президенттер бюджетти эңшербей азыраак пенсия алып турса болбойт беле, буга не дейсиз?

-- Мыйзам менен экс-президенттин макамы боюнча Сооронбай Шариповичке пенсия бөлүнөт.  Президент эмес биздин убакта кээ бир депутаттар, генералдар ошондой пенсия алышчу. Сооронбай Шариповичтин жасаган иштерин байкагысы келбей түрдүү сөздөрдү айтышкандарга анын иштери  эми көрүнө баштайт. Айтайын дегеним, анын мезгилинде башталган ооруканалар салынып бүтүп калды. Бишкекте, Кочкордо арабдар инвестиция киргизип, бир айыл курганы жатышат. Сооронбай Жээнбековдун убагында мурунку президенттердин мезгилиндегидей эки   жарым миллиард доллар Кытайдан кредит алынган жок.  Коррупционерлер менен күрөштү, тарыхта жок иштерди кылды. Ишиндеги калпыстыктарга жол бергени үчүн экс-президентти жана үч премьер-министрди камады. Анын мындай үлгүлүү иштерин санай берсек түгөнбөйт. Ошон үчүн жасаган иштерин да эске ала жүргөнүбүз оң. 

-- Баса, Конституция өзгөрсө эле жашообуз оңолот, мамлекет оңолот  деп ишеним артсак, үмүт кылсак болобу?

-- Конституцияны өзгөрткөндө эле мамлекет өнүгүп кетсе, буга чейин өнүкмөк. Конституцияны канча жолу өзгөртүштү. Кеп Конституцияда эмес, кеп мамлекет башчыда, кадр саясатында. Жооптуу кызматтарга эч нерсени билбеген кадрларды даярдап коюшуп, алар ишти эмнеден баштап, кантип иштээрин билбей отурушат го? Ошон үчүн Конституцияны алмаштыруудан мурун мамлекетти өнүктүрө турган  идея таап, ошону ишке ашырышса болмок.  Жаман мыйзам менен акылдуу башчы өлкөнү оңдоп коёт. Жакшы мыйзам менен жаман башчы мамлекетти  аңга түртөт. 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер